Башкы прокуратура «Кыргызавтожол» 10 млн. сомдон ашык каражатты кымырып алганын билдирди

«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасында 10 млн. 263 миң сомдук бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз которуу жана ыйгарып алуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жол башкармалыгынын №32 жол тейлөө мекемесинин башчысы Т.М.М. жана «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын директору К.Р.Н. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Алар «Е.» ЖЧКсынын кызыкчылыгын лоббирлөө менен мыйзам талаптарын одоно түрдө бузушкан. Ошондой эле 2020-2022- жылдар аралыгында «Е.» ЖЧКсына бюджеттик каражаттардын эсебинен 24 млн. 450 миң сом которуп жиберишкен.

«Көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде аталган подрядчы иш жүзүндө 15 млн. 889 миң сомдук гана иштерди аткарган. Мындан сырткары, салык мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен, «Е.» ЖЧКсы көрсөтүлгөн мөөнөттө 1 млн 702 миң сом өлчөмүндө мамлекетке киреше болучу кошумча наркка салыкты жашырып, төлөбөй койгондугу аныкталган», — деп билдирген башкы көзөмөл орган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”), 339-беренеси (“Билип туруп пайдасыз келишим түзүү”), 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголгон. Ушул тапта тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Автор Т-медиа 11888 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*