Дары-дармек департаментинин директору пара алууга шектелип кармалды

УКМК Саламаттыкты сактоо министрлигинин лицензиялоо системасындагы коррупциялык схемага бөгөт коюлганын билдирди. 

Анын алкагында, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, опузалап пара талап кылуу фактылары боюнча кылмыш ишин козголгон. Жыйынтыгында Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин директору «А.А.И.» кармалган.

«Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин директору «А.А.И.» тартипти бузуу менен дары каражаттарын каттаган. Сертификациялоонун тартибин тездеткен. Ушул багытта туруктуу коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, А.А.И. мыйзамсыз киреше алуу жана жеке баюу максатында департаменттин жооптуу кызматкерлери менен жең учунан сүйлөшүүгө, оң чечим чыгаруу жана күбөлүк берүү үчүн фармацевтикалык ишканалардан акча каражаттарын алып турганга шектелүүдө.

Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Автор Т-медиа 11888 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*