
ЮНИСЕФ Баткенде башпаанек катары колдонулган мектептердин суу түтүктөрү менен канализация системаларын оңдоп берди.
Демилгени Баткен шаарынын мэриясы менен ЮНИСЕФ биргелешип ишке ашырган. Үч мектеп, 1 лицей менен колледж 2022-жылдын сентябрынан бери убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланылган. Көрсөтүлгөн колдоонун жалпы баасы 45 000 доллардан ашат.
«Суу менен жабдуу системасы жакшыртылды, бардык мектептерде кошумча раковиналар жана таштанды үчүн челектер орнотулду. Зарыл болгон санитария жана гигиена буюмдары, анын ичинде 9000 литр суюк самын берилди. Таза сууну керектөөнүн маанилүүлүгү, бул мектептердин айланасында ишембиликтерди жана тазалык иш-чараларын туруктуу уюштуруу тууралуу бир катар маалыматтык сабактар өткөрүлдү. Үй-бүлөлүк медицина борборуна Баткен облусундагы балдар жана аялдар үчүн темир жана фолий кычкылдыгы сыяктуу витаминдер тапшырылды. Негизги медициналык жана стерилдөөчү комплекттер өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.
ЮНИСЕФ Баткен облусунун чек арага чектеш райондорунда жабыркаган эл үчүн узак мөөнөттүү колдоо көрсөтүп келүүдө.
Оставьте первый комментарий