
Бишкек шаарындагы «Батуми» кафесин бузууда кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
УКМК тараткан маалыматка ылайык, Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен аталган кафенин бузулуп, демонтаждалышынын мыйзамдуулугу жана муниципалдык кызматкерлердин аракеттерин текшерүү иштери башталган.
Анын жүрүшүндө аталган кафенин негиздөөчүсү тарабынан муниципалдык менчикти пайдалануу талаптарын бузуу фактысы аныкталган. Алар тиешелүү ижара келишими жок айланасындагы муниципалдык унаа токтотуучу жайды негизсиз пайдаланышкан.
Ошондой эле бул тармакты көзөмөлдөгөн Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаевдин мыйзамсыз аракеттери да аныкталган. Ал кафенин конструкциясын бузуп, мүлкүн алып салуунун ордуна түз жок кылуу жолу менен демонтаждоону уюштурган. Имаратты бузуунун натыйжасында үч миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Бул боюнча УКМК вице-мэр Нурдан Орунтаевге жана башка кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыян келтирүү) жана 337-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш ишин козгоду. Тергөөнүн жүрүшүндө вице-мэр жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун толтурууну өзүнө алган.
Көрсөтүлгөн жагдайлар эске алынып, Нурдан Орунтаев келүү убадасы менен бошотулган. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланып жатканы айтылды.
Бишкектин Жал кичи районунда жайгашкан кафе буздурулуп жаткан видеолор социалдык тармакта 24-майда тараган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкуу жараткан.
Оставьте первый комментарий