Ташиев Зулушевдин кайниси кармалган иш боюнча: зыянды эки эсе төлөнгөндө абактан чыгарышыбыз керек

Видеодон скриншот алынды

Улуттук коопсуздук боюнча мамелкеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Region телеканалындагы интервьюсунда коррупцияга шек саналып кармалган бажы кызматкерлеринин арасында баш прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси да бар экенин тастыктады. Ал бүгүнкү күндө мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү аныкталганын айтып, бирок анын өлчөмүн ачыктаган жок. Ташиев келтирилген зыян эки эсе төлөнгөн учурда алар абактан чыгарыларын белгиледи. 

«Башкы прокурордун кайниси Бажы кызматында иштейт экен. Ошол жерде иштеген төрт бажычы, төрт жөнөкөй инспектор жана эки коммерсант чогулуп алып коррупциялык схема түзүшкөн. Булар Кытайдан товарлар келгенде аны Ошко алып барып кампадан түшүрүп, Өзбекстанга чыгып кетти деп бажынын мөөрүн басып, бирок бош машина өтүп турган. Бул жерде акциздери, бажы төлөмдөрү төлөнбөй калды. Кыргызстан ар бир машинеден 50 миң доллардын тегерегиндеги зыян тартып атабыз. Мына ушундай 19 автоунааны кармадык. Алардын күнөөлөрүн тактап келгенде башкы прокурордун да кайниси арасынан чыгып калды. Бардыгы башында «Башкы прокурордун бир тууган кайниси болсо, аны жоопко тартпаса же камалбаса керек» деп ойлошкон. Анча-мынча прокуратуранын кызматкерлери да кошоматчылык кылайын дедиби же башка болдубу, айтор «камабагыла» дегендер да болду. Бирок биз ага карабастан ал адамды камадык. Бүгүнкү күндө абакта. Азыр алардын мамлекетке келтирген зыяндары толук такталып бүттү. Эгерде алар зыянды эки эсе төлөй турган болсо, ал адамдарды биз чыгарганга милдеттүбүз. Мыйзамда ушундай бир беренебиз бар. Ошонун негизинде азыр каралып атат. Бирок алар азырынча бир да сом акча төгө элек. Жакында ошол боюнча комиссия өткөрүп, жумушту бүтүрөбүз».

Камчыбек Ташиев журналисттин «Бул иште башкы прокурордун кызыкчылыгы, таасири роль ойногон жокпу?» деген суроосуна төмөндөгүдөй жооп берди:

«Башкы прокурор Курманкул Токторалыевич бир да жолу кийлигишкен жок. Менден эмне болуп аткандарын сурап жатты. Кылмыш белгилери бар экенин, катышканын, керек болсо аны уюштургандардын бири болгонун айттым. «Мыйзам чегинде карап, жоопко тарталы. Аны мен сактап калайын деген деле оюм жок. Бирок башка тууган-уруктарыбызга, башкаларга сабак болсун » деп катышкан жок», -дейт Камчыбек Ташиев. 

Эске салсак: 18-мартта алты бажы кызматкери жана үч ишкер Кытайдан аткез жол менен товар ташууга шектелип кармалганын УКМК маалымадаган. Шектүүлөр Кытайдан аткез жүк ташуу боюнча көптөн бери эле схема түзүп алышканын айтып, анын кесепетинен мамлекет 1 миллиард сомго чукул зыян тартканы айтылган.

Автор Т-медиа 11888 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*