
Кыргызстанда коронавирустан (COVID-19дан) 107 дарыгер каза болгону тастыкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда ооруну жугузуп алган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 7 747 миңди түзгөн. Аларга жеке менчик жана мамлекеттик ооруканалардын дарыгерлери кирет.
Жалпысынан 2020-жылдан 2022-жылдын 31-декабрына чейин 3520 медкызматкерге жалпы 629 млн. 579 миң сом кенемте төлөнгөн.
Эске салсак, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустун жалпы 406 миңден ашуун учуру катталып, 3 миңге жакын адам илдеттен каза тапкан.
Ал эми дүйнөдө COVID-19дан көз жумгандардын саны 20 млндон ашкан.
Оставьте первый комментарий