Мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу жеңишин каза болгон атасына арнады

Казакстандын Алматы шаарында өткөн «Найза-51» турниринде Бусурманкул Абдибаит уулу Бразилиялык мушкер менен беттешип, жеңишке жетти. Анда сөз сүйлөп, ийгилигин мындан бир жума мурда каза болгон атасына арнаганын айткан.

“ Мындан бир жума мурун атамды жерге бердим. Таймашка чыгуу аябай оор болду. Машыктыруучуларым менен кеңешип, беттешүүнү туура көрдүк. Бул мелдеш карьерами өтө маанилүү болчу. Жеңишимди атама, анын элесине арнайм. Атам тирүү болгондо биз менен бирге кубанмак”-деди Абдибаит уулу.

Мушкер дүйнөдөгү белгилүү M-1 Global, WEF Global, Eagle FC уюмдарында беттешип, күйөрман топтогон. Ал Кыргызстандагы  жана дүйнөлүк уюмдардагы чебер спортчулардын катарын толуктайт.

Автор Т-медиа 12153 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*