
Жаныбек Абиров мандатын тапшырып бергенден кийин кайра шайлоо өтүп жатат.
Бүгүн, Бишкекте №26 бир мандаттуу Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо өтүп жатат. Шайлоодо 29 талапакер ат салышууда.
Талапкерлерден үчөө тергөө абагында кармалып турат. Алар Равшан Жээнбеков, Илгиз Сарылдык уулу жана Акыл Айтпаев.
Добуш берүү үчүн жалпы 51 шайлоо тилкеси уюштурулган. Шайлоочулардын саны 124 908.
Эске салсак, 27-мартта бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча шайланган депутат Жаныбек Абиров өз арызы менен мандатын тапшырган.
Ага чейин эл өкүлүнүн ресторандардын биринде белгисиз жаранды ур-токмокко алган видеосу тарап, сынга кабылган. Бул окуядан кийин башкы прокурор Курманкул Зулушев эл өкүлүн кылмыш жообуна тартуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугун сураган. Себеби, Абиров депутаттык кол тийбестикке ээ жана аны жоопко тартуу үчүн парламенттин макулдугу керек эле.
15-мартта Жогорку Кеңеште Абировдун иши боюнча комиссия түзүлгөн. Алардын чечими 10-30 күн ичинде чыкмак.
Оставьте первый комментарий