
Ноокатта 2 кичи автобус менен эс алууга бара жаткан окуучулар артка кайтарылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Ош облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн үгүт жана насаат тесөөчүсү Шумкарали Ураимов билдирди.
27-майда Ноокат районунун Кара-Кой эс алуучу жайына бара жаткан эки кичи автобус токтотулган.
“Ноокат районундагы Исанов айыл аймагынын М.В.Ломоносов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучулары болгон. Жалпы 36 окуучу бара жаткан экен. Алар артка кайтарылып, ата-энелерине, мугалимдерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бүтүрүүчүлөр аттестатын алганга чейин облустагы эс алуучу жайлар текшерилет”,— дейт Ош облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн үгүт жана насаат тесөөчүсү Шумкарали Ураимов.
Эске салсак, Билим берүү жана илим министрлиги окуучулар мектептен сырткары салтанат уюштуруусуна тыюу салган буйрук чыгарган. Аны аткарбаган мектеп жетекчилеринин кызмат орду каралаары да эскертилген.
Оставьте первый комментарий