Баткенде эки чек ара заставасы ачылды

Баткен облусунда «Максат»  жана  «Ак-Сарай» чек ара  заставалары ачылды. Имараттары жаңыдан түптөлүп, аскер кызматкерлерине ыңгайлуу шарттар менен курулган.

Чек ара заставаларынын ачылыш аземи 28-майда өтүп, ага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан.

Маалыматка ылайык, заставада аскерлердин эс алуу бөлмөлөрү, машыгуу залы, фельдшердик бөлүмү, жайкы ашкана, футбол аянтчасы, унаа токтоочу жайлары жана  мончо сыяктуу эң зарыл болгон шарттар камсыздалган.

«Алыскы аймактардан келип кызмат өтөгөн кызматкерлердин үй-бүлөсүнүн абалы эске алынып, кызматтык үйлөр да камсыздалды. Балдар үчүн ойноочу аянтчасы да бар», — деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

 

Кыргызстанда 28-майда чек арачылар күнү белгиленди. Быйыл Чек ара кызматынын түзүлгөнүнө 24 жыл болду.

Автор Айдана Осмонова 375 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*