
Кара-Суу районундагы шагыл өндүргөн ишканалардын бири менен Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуевдин байланышы бар экендиги айтылып жатат. Ал жөнүндө иликтөөдө кенен айтып беребиз. Азыр мамлекеттеги ченемдик актылардын бузулушун, кагазда калып кеткен жобо, аны аткарбаган жетекчилерге басым жасайлы.
Кара-Суу райондук электр тармактары ишканасы менен шагыл чыгарып жаткан «Салих Строй» жоопкерчилиги чектелген компаниясы эки тараптуу келишим түзгөн. Ишкана Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ак-Жар айылында жайгашкан. Алгач техникаларды кураштырып алуу үчүн 20 киловат гана электр энергиясына уруксат алган. Бирок ишкана техниканы курап, шагыл чыгарып, кадимкидей иштеген.
Кара-Суу райондук электр тармактары ишканасынын жетекчиси Уланбек Калмурзаев болсо эки тараптын түзгөн келишимин көрсөткөн жок. Бирок биздин колдогу документти көрүп, техникаларды куруп алуу үчүн алынганын ырастады. Өндүрүш башталганда дагы өзүнчө алыш керек дейт.
«Убактынча иштеткенге, документтери бүткөнгө чейин убактылуу 20 киловатка уруксат алышы мүмкүн. Себеби ал жерде курулуш иштери болот да. Курулуш иштери үчүн өзүнчө техникалык талап алат. Бүткөндөн кийин өзүнчө калган иштерди жасаганга дагы уруксат алат», -дейт ал.
«Салих Строй» ЖЧКсы шагыл чыгарып жатканын айтып, кошумча электр энергиясы үчүн келишимин сурасак база иштебей жатканын билдирип тим болду. Документ ишкердин колунда болуп, биздин базага түшө элек болушу мүмкүн дейт. Андан дагы кызыгы жетекчи эң башкысы келишим бар дейт. Ооба келишим бар. Бирок өндүрүшкө эмес техникаларды кураштырууга эле алынган да.
«Бизде келишими бар. 2023-жылдын 19-апрелиндеги документ. Контракт келишими турат да эң башкысы», -дейт Кара-Суу райондук электр тармактары ишканасынын жетекчиси Уланбек Калмурзаев.
Мындан улам жерине Кара-Суу РЭТтин адистери менен барып, бирге текшерүүнү сунуштадык. Бирок Уланбек Калмурзаев макул болгон жок.
Жеке менчик ишкананын канча киловат электр энергиясын иштетип жатканын, ал үчүн документти бар же жогун билүү үчүн Ош электр тармактары ишканасынын жетекчиси Эмилбек Ысмановго кайрылдык. Ал бузуулар бар экенин айтып, бизге адистерин кошуп берди.
«Муну мен сизден угуп жатам. Бул жерде техникалык шарттаманы бузуулар болуп жатат. Бирок мында электр энергиясын урдоо жок. Себеби ал жерде электр эсептегич канчага иштесе, ошону төлөп жатат. А бирок бул өзүнүн керектөөсүн көтөрүү керек».
Биздин редакция экинчи жолу ишканага барганда дагы шагыл чыгарылып жатты. Кызматкерлер болсо бул жолу бир айдан бери иштеп жатканын айтып беришти. Бирок биз баргандан он мүнөткө жетпей иш кокусунан эле токтоп калды. Мындан улам ишкана канча электр энергиясын пайдаланып жатканын текшере албадык. Бирок адистер ал жерде 45 киловаттык маторлор иштеп жатышканын байкашты. Бир канча саат күткөнүбүз менен ишти улантышпады. Ишкананын жооп бере турган адистери да келбей койду. Ош электр тармактары ишканасынын адистери «Салих Строй» ЖЧКсы техникаларды кураштырып алуу үчүн гана уруксаты бар экенин айтышууда.
«Махмудов деген СМРге документ алган экен. Техникалык талаптары 20 кВт экен. Муну курулуш монтаждоо иштерине алган экен. Анан азыр биз келгенде продукция чыгарып жатыптыр. Электр эсептегичти көрө албадык. «Электриги жок же эч кимиси жок деп» бизге уруксат берген жок да. Азыр эми өчүрүп коюшту. Бул келишим боюнча 20 кВт уруксат алган. Ошол боюнча иштетиш керек эле да.Өзүңөр көргөйндөй азыр өлчөй албадык», -дейтОш электр тармактары ишканасында электр сатуу бөлүмүнүн ага тескөөчүсү Улан Нышанбаев.
Биз ишканага эки жумадан кийин дагы бардык. Тийиштүү адистер, жетекчиси бул жолу да келген жок. Эл арасында бул ишкана Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуевге таандык экенин айтып келишет. Бирок документ боюнча Канжарбек Махмудов аттуу жаранга карайт. 2022-жылдын 6-июлунда Кара-Суу электр тармактары ишканасынан ушул техникаларды кураштырып алуу үчүн жалпы 20 кВт электр энергиясы үчүн уруксат алышкан. Андан кийин мына ушундай кылып шагыл чыгарып, кадимкидей иш процесси жүрүп келген. Бирок бул үчүн атайын уруксат кагаздары жок. Бул ишканага 22-26-апрелде эки жолу келип кеткенбиз. Экөөндө тең кадимкидей иш процесси жүрүп жаткан. Бүгүн болсо атайын дагы техникаларды кураштырып жатабыз деп айтып жатышат.
Шагыл чыгарган ишкана канча электр энергиясын иштеткенин Ош электр тармактары ишканасы да текшере албай койду. 26-апрелде журналисттер менен электр тармагындагы адистер чогуу барганда ишти токтоткон боюнча улантышкан эмес.
«Ошол баргандан кийин, булар негедир утур-утур эле текшерүү келүүдөн чочулады окшойт. Ошол боюнча алар иштебей турат да. Ар ай сайын өздөрү көрсөткүчүн алып келип, төлөмдөрүн жүргүзүп жатат. Байланыш болот айдын аягына чейин. Дагы убакыт бар. Иштеп калса мен силерге текшерип айтам».
Ош электр тармактары ишканасынын жетекчиси Эмилбек Ысманов ишкана уруксатты 20 киловатка алып, андан ашыкча иштетсе одоно бузуу эмес деп жатат. Убакыт берип, эскертүүнүн негизинде жаңы келишимди түзөбүз дейт. Бирок бул жерде мамлекетеги ченемдик актылар бузулуп, техникалык шарттарды берүү жөнүндөгү жобо кагазда гана калып кеткени өкүндүрөт.
«Себеби буларда электр эсептегичи бар. Бул жерде уурулук болбойт да. Эгерде ашып кете турган болсо эскертүү беребиз. Убакыт берип, анан эскертүүнүн негизинде булар келип кубаттуулукту көтөрүп алганга мүмкүнчүлүгү бар да. Бирок ал процесс жүрө элек. Демек, уурдоого кирбейт».
Эми бул ишкана менен Козуевдердин үй-бүлөсү менен байланышы жөнүндө айтып берейин. «Салих Строй» жоопкерчилиги чектелген коому документтерде Канжарбек Махмудов аттуу ишкерге тиешелүү. Канжарбек Махмудов ким десеңиз «Россия Нефть» компаниясынын кызматкери болгон. Ал компанияны Алишер Козуев негиздеген. Козуев 2021-жылдын декабрында өзү жетектеген үч ишканага үч кызматкерин башкы жетекчи кылып дайындаган. Алардын бири Канжарбек Махмудовго «Салих Строй» ЖЧКсы берилген. Бул тууралуу «Россия Нефть» компаниясынын социалдык тармактардагы баракчаларында да сүрөттөр жарыяланган.
Семетей Козуев аталган ишкана алардын үй-бүлөсүнө тиешеси барбы же жокбу ачык айткан жок. Болгону «Канжарбек Махмудовду ишканаңарга алып барып маалымат бердирем» деген боюнча келген жок.
«Канжар Махмудов «Салих Стройдун» официалдуу директору. Ал өзү интервью берет. Ишканаңарга алып барып эле сүйлөтүп берейин. Бул жерде кандай кызыкчылык болуп жатат? Мен ошону билгим келип атат», -дейт Семетей Козуев.
Ал эми Алишер Козуев аталган ишканага эч кандай тиешеси болбогонун айтууда. Бирок Юстиция министрлиги «Салих Стройду» негиздегендердин бири Семетей Козуев экенин маалымдайт.
«Мен «Россия Нефть» ишканасында гана иштегем. Мамлекеттик кызматка кетип атканымда баарын мыйзам чегинде өткөрүп бергем. Сиздер айтып жаткан ишкана боюнча менде маалымат жок экен. Менин тиешем да жок», -деди Алишер Козуев.
«Салих Строй» ЖЧКнын жетечиси Канжарбек Махмудов менен түшкөн сүрөтүн сурасак айылдашы экенин айтып, эл өкүлү болгондуктан көптөгөн ишкерлер менен жолугам деп гана кыска жооп берди. Шагыл чыгарган ишканадагы кызматкерлер дагы «ээлери Козуевдер болушу мүмкүн» дешет. Алардын кийип жүргөн киймимдери менен «Россия Нефть» компаниясынын кызматкерлеринин формалары окшош.
Кара-Суу РЭТ менен байланышкан биз убадалаган экинчи иликтөөнү жыйынтыктап жатабыз. Бул чыгарылыш дээрлик эки айга жакын убакытка созулду. Анын эң башкы себеби «Салих Строй» ЖЧКнын жетекчиси Канжарбек Махмудов «өзү дайындайм» деген адиси да келбей жүрүп алды. «Бизде баары мыйзамдуу деген тарап» команданы алаксытуу менен алектенип, эч бир документин келип, көрсөтүп тастыктап бере алган жок. Маселе мына ушунда турат. Алар электр энергиясын келишимсиз иштетип жатканында болууда. Мисалы, сиз же мен ишкана ачып келишим түзбөгөн киловатты колдонгонго мыйзам жол береби? Козуевдердин үй-бүлөсүнө тийиши бар деген ишкананын бул аракетине Кара-Суу РЭТ менен Ош Электро сылык-сыпаа мамиле кылганы , айрым учурда коргоп койгону суроо жаратпай койбойт.
Иликтөөнүн видео версиясы бул жакта.
Оставьте первый комментарий