
Президент Садыр Жапаров мал жандыктарга салык салуу демилгесин колдобойт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында депутаттар тарабынан демилгеленип жаткан, мал жандыктарга салык киргизүү сунушу коомдо терс пикирлерди жаратууда. Мындай демилгени бийликтин позициясы катары түшүнүп алгандар бар.
Ошондой эле, Орунбеков президент фермерлерди колдой турганын айткан. 2022-жылы өлкө башчынын жарлыгы менен фермер жана дыйкандарга жеңилдиктер берилгенин кошумчалаган.
Мал-жандыкка салык салуу мыйзам долбоорун депутат Жеңишбек Токторбаев демилгелеп, 22-майда долбоор коомдук талкууга коюлган.
Ага ылайык, бир үй- бүлө 40тан ашык кой-эчкиси , үчтөн көп уй жана экиден ашык жылкысы болсо салык төлөйт. Салыктын өзү кой-эчкилерге – 100 сом, бодо малга – 250 сом, жылкыларга – 250 сомду түзөт.
Токторбаев түшкөн каражатты айыл өкмөттүн бюджетине багыттап, аларды жергиликтүү маселелерди чечүүгө, жайыттарды жакшыртууга, ветеринардык врачтарды камсыздоого, мал-жандыкты өз убагында эмдөөгө жумшоону сунуштаган.
Оставьте первый комментарий