Садыр Жапаров Эрдоганды жеңиши менен куттуктады

Сүрөт: президенттин маалымат кызматы

Президент Садыр Жапаров Түркиядагы президенттик шайлоонун экинчи турунда көп добуш алган Режеп Тайып Эрдоганды жеңиши менен куттуктады. 

«Түркия эли сизге чоң ишеним артып, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана жарандардын бакубат жашоосун камсыз кылуу жаатындагы багытыңызды колдоп беришти. Түркия ачык, атаандаштык жана демократиялык шайлоонун үлгүсүн көрсөттү. Биздин өлкөлөр ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары да стратегиялык өнөктөштүк жана боордоштук деминде бекемделе берерине толук ишенем», —деп билдирди президент. 

Түркияда кечээ, 28-майда президенттик шайлоонун экинчи туру болуп өттү. Hurriyet басылмасы билдиргендей, алдын ала жыйынтыктар боюнча Режеп Тайып Эрдоган алдыда баратат. Ал шайлоочулардын 52,08% колдоосуна ээ болду. Анын атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу азырынча добуштардын 47,92% топтоду.

Эрдоган өзүн жеңүүчү атады. Ал түрк эли алдыдагы беш жылда өлкөнү башкаруу жоопкерчилигин өзүнө жана анын администрациясына өткөрүп бергенин айтты. Эрдоган шайлоонун жыйынтыгын демократиянын майрамы деп атады.

Добуш берүүгө шайлоочулардын 85% ашыгы катышты. Өлкө боюнча 191 миңден ашык урна орнотулду.

Эрдоган 21 жылдан бери бийликте турган АК партияны жетектеп келет. Ал буга чейин Стамбул шаарынын мэри, өлкөнүн премьер-министри кызматтарын аркалаган.

Автор Т-медиа 12153 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*