Чоң-Алайда эчки тыбыты үй-бүлөнүн кошумча каржы булагына айланууда

Акыркы 10 жылдан бери Алай, Чоң-Алай районунда эчкинин тыбыты тарап алуу жолу менен алына баштаган. Ал сортуна карап бааланып, жаз-жай айларында чогултулат. Тоолуу аймакта эчкинин тыбытын чогултуу кошумча киреше булагына айланган.

Аталган райондун тургуну Толкунбек Каримберди уулу, короодогу эчкилеринин тыбытын тарап сата баштаганына 10 жылдай болуп калган.

«30дай эчким бар. Кээ бир сезондо баарын тарап үлгүрөбүз. Айрым учурда жетишпей да калабыз. Ошентсе да аз болгондо бир сезондо 10 миң сомдой акча болуп калат. Жетишип тарасак 20-30 миңге жетет. Бул эми айыл шартында жакшы эле акча да. Тиричиликке кошумча жардам болот. Муну жөн эле келген акча десек да болот. Бизден кошумча кароону талап кылбайт, жер айдап, эгин эккендей убакыт, мээнет кетпейт. Тарап койобуз, тапшырабыз, акчасын алабыз», — дейт Толкунбек Каримберди уулу. 

Убайдулла Абдыраимов тыбыт чогултуп иштегенине 10 жылдан ашкан. Бул убакыт аралыгында ал жердештерине тыбыт тароонун жолдорунан баштап, эчкиге кам көрүүгө чейин үйрөткөн.

«Мен Чоң-Алай районунан чогултам. Көп жылдан бери эчкинин тыбытын чогултабыз. Бишкеке быйыл завод ачылган. Тыбыт бир жылда 1 гана жолу чогултулат. Чоң-Алай суук, деңиз деңгээлинен бийиктикте тургандыктан апрель-июнь айларында таралат. Бизде баа туруктуу. Ар бир айылда координаторлорубуз бар. Алар барып кантип тараш керектигин окутат. Анан сезондо биз барып, чогултуп алабыз. Кытайлар, уйгурлар да чогултушат. Алар ар кандай баада сатып алышат. Конкуренция бар. Бир сезондо 1,5 тоннага чейин тыбыт чогултам. Фирмага тапшырабыз. Ар бир берген адамдын аты-жөнүн, канча кг тапшырганын каттайбыз», — дейт Кыргыз кашемир заводунун Чоң-Алай районундагы координатору Убайдулла Абдыраимов.

«Кыргыз Кашемир» ишканасынын ачылышындагы сүрөттөр

«2012-жылы Оштон келип үйрөтүшкөн. Бүт маалыматтарын, тарактарды көтөрүп келип биз менен чогуу иштешишкен. Азыр эми өзүбүз үйрөнүп калдык. 2013-жылдан бери тапшырам. Жылына 5-6 кг тарап алам. 10 миңдин тегерегинде акча болуп калат. Кыйла эле жардам берет. Мектеп аяктаган учурга туура келгендиктен балдардын керектөөлөрүнө, кош айдалган учур болот тракторго же болбосо үйдөгү майда барат чыгымдарга жардамы тиет», — дейт Калысай Исмаилова.

«Башында эл билбейт эле. Тарабай эле кыркып салгандар болгон. Бул эчкиге да зыян болуп кара өпкө оорусуна чалдыктырган. Башында окутуп, керек болсо өзүбүз барып тарап алат элек. Эми азыр түшүнүп калышты. Учурда Чоң-Алайда 80 пайыз эл тыбытты тарап калды. Эчкинин ден соолугуна да пайда, кичине болсо да үй-бүлөлүк бюджетке кошумча болот. Күнүмдүк керектөөсүнө жумшалат. Көбүнчө аялдар менен балдар тарашат. Орточо 5-6 миң эчкиси көптөрү 20-30 миңге чейин алышат», — деп кошумчалайт Абдыраимов.

2022-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев малга салык киргизүүнү сунуштаган. Анда ал учурда айыл элинин жашоосу жакшырып, шаардыктардан кем эмес жашап калганын себеп келтирген. Ошондой эле,  бир кой үчүн 100 сом, ири мүйүздүү мал үчүн 200 сом жана жылкыга 250 сомдон салык салууну кошумчалаган. 

Аталган мыйзам долбоору быйыл 22-майда коомдук талкууга коюлган.

Бирок, бүгүн 29-майда президенттик администрациясынын маалыматтык саясат кызматы Садыр Жапаров мал жандыктарга салыктын түрүн киргизүү демилгесин колдобой турганын маалымдады.

Кыргызстанда таралган эчки тыбыты Европа өлкөлөрүнө сатылат

Чоң-Алай, Алайдан тыбыт чогулткан «Кыргыз Кашемир» быйыл январда Бишкекте заводун ачкан. Анын жардамы менен компания жылына 80 тоннага чейин жогорку сапаттагы буланы өндүрүүнү көздөп жатканын айткан. Заводго АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) аркылуу АКШ өкмөтүнөн жаңы жабдууларды берилген.

«Тыбытты Кыргызстандын алыскы аймактарындагы дыйкандардан чогултабыз. Өндүрүшүбүз мындан дагы көбүрөөк үй–бүлөгө экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт. Ал эми келечекте, ишканабызды кеңейтип, Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнөн дагы тыбыт чогулта алабыз», – деген ачылышта «Кыргыз Кашемир»  компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Сай Белохлавек. 

Буланы кайра иштетүүнүн эң жогорку сапатын камсыздоо аркылуу, ишкана кыргыз кашемиринин жана топоз жүнүнүн эл аралык рыноктогу конкуренттүлүгүн жогорулатууга умтулат. 

«Тыбыттын мисалында жалпылап айткым келип жатат. Мамлекет завод болобу, ишкана болобу борборго алып барып эмес сырьего жакын жерден иштетсе бир нече багытта пайда болот. Анткени аны ташып убара болбойт. Чыгымдар аз болот. Бул багытта өнүккөн өлкөлөрдүн мисалын карап, экономикалык жактан эффективдүү жолду тандаш керек. Курабыз деп мамлекет кыйналыштын кажет жок. Азыр инвесторлор көп. Аларды чакырып эле жакшы шартты түзүп бериш керек. Иштеп кеткенге чейин салыктардан бошотуп, кандайдыр бир колдоо кажет. Анан ар бир региондун өзүнүн өзгөчөлүгүнө карап Ошто пахта, Араван, Кара-Суу райондорунда айыл чарба продуктуралыр иштетсе, Баткенде өрүк, Нарында эт, Алай, Чоң-Алайда тыбыт болсо Чүйдүн өзүнүн өзгөчөлүгүнө карап кайра иштетүүнү колго алуу мезгили келди. Болгону шарт гана керек. Завод, ишканалар аймактарда ачылганда ошол жердин бюджетине, элине пайда. Анткени жергиликтүү инфраструктура өнүгөт, эл эч жакка кетпей өзүнүн жеринде жумуш менен камсыз болот. Бир эле өндүрүш, кайра иштетүү завод, фабрика менен бир нече багытта комплекстүү нерсени чечсек болот», — дейт экономикалык серепчи Мирлан Убайдуллаев.

«Кыргыз Кашемир» ишканасынын ачылышындагы сүрөттөр

«Кыргыз Кашемир» ишканасы Европанын сапаттуу кийим өндүрүүчүлөрүнө кыргыз кашемирин экспорттоо үчүн чабандарды окутуп, кайра иштетүүнүн инновациялык ыкмаларын киргизет. 

Ошондой эле, Баткен, Жалал–Абад, Нарын, Ош жана Ысык–Көл облустарынан да тыбыт жана  жүн чогултууну кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк ачылаары бул менен жүздөгөн үй–бүлөлөрдүн кирешеси да көбөйүшү күтүлөрү айтылган.

Автор Т-медиа 12153 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*