
Оштогу автобекетти шаардык мэрияга өткөрүп берүү сунушталды. Мындан пикирин Жогорку Кеңештин бир канча депутаты айтып, буга шарттын ушул күнгө чейин түзүлбөгөнү себеп болгону менен түшүндүрүштү. Айдоочулар да күн сайын акча берип турушаарын бирок бир да шарттын жоктугуна нааразы болушту. Транспорт министирлиги болсо быйыл каражат бөлүнөт деп билдирүүдө.
Оштогу автобекетин абалы сынга кабылып, Жогорку Кеңештин депутаттары бир канча нааразычылыктарын билдиришти. Анда жылына 11 миллион сом түшкөн бекетте шарттын жоктугу, жөнөкөй эле даараткана маселеси чечилбегенин айтып чыгышты.
«Жылына 35-40 млн. эмне деген акча. Бул көчөдөн эле чогултулуп жаткан акча. Эмне үчүн өкмөт 30-40 млн. бөлүш керек. Мамлекеттен акча күтпөй бөлүнгөнгө чейин өзүңөргө түшкөн акчаны өзүңөр оңдоо иштерине иштетсеңер да болот да», —деди Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев.
Оштун автобекети 4 гектар жерди ээлеп, 500 адамды тейлөөгө ылайыкташкан. Бирок шагыл төгүлгөнү эле болбосо, чаңы сапырылып турат дейт мындагы айдоочулар.
Ош-Баткен, Ош –Жалал-Абад, Бишкек жана башка райондорго кеткен кичи автобустар мына ушул автобекетте турушат. Алардан күн сайын 50 сомдон баштап акча алынат. Ошол каражаттын эсебинен айдоочулар ыңгайлуу шарттарды түзүп берсин деп талап кылышууда.
«Азыр булар силердин бергениңер 50 сом деп бизди кенебей жатат. Баары акчага тоюп бүткөн. Баарыны кетириш керек. Булар комиссия келет деген күнү суу сееп, тазалап баарыны иретке келтире койот», — дейт айдоочулардын бири Акжол Дүйшеев.
Автобекеттин жетекчиси 2022-жылы 11 миллион сом каражат түшкөнүн айтат. Андан 36 кызматкеринин айлыгын төлөп, тиешелүү салыктарды берип, ашкан 1 жарым миллион акчага ремонт болгонун кошумчалады.
«Жылына 1-1,5 млн сом түшөт. Пандемияда ал акча да токтоду. Бул жерде арызданып жаткандар атайын буюртма менен иштеп жүргөндөр», — дейт Ош автобекетинин жетекчиси Айтибай Сабиров.
Көчмө жыйында Транспорт министрлигине да бир топ сындар айтылды. Анткени Оштогу автобекет алардын карамагында туруп, шарты начар. Эгер ушундай акыбалда кетсе шаардын балансына өткөрүү сунушталды. Бирок министрлигинин башчысынын биринчи орун басары акча каражаты быйыл бөлүнүп, шарттар түзүлө турганын айтты.
«Асфальттап, баарын коюп жер иштерин жасап бүтүргөнгө келишим боюнча 38 млн сом керек экен. Имаратты оңдоого 6 млн. кетет экен. Акчанын бөлүнүшүнө карап бүтүргөнгө аракет кылабыз», — дейт Транспорт министрлигинин башчысынын биринчи орун басары Талантбек Солтобаев.
2015-жылдын август айында Ош шаарынын борбордук көчөсүндө жайгашкан автобекет жоюлуп, андагы кичи автобустар менен жеке таксилер шаардын сыртына чыгарылган. Ошол кездеги бийлик эки айдын ичинде жаңы автобекетте баардык шарт түзүлөт деп убада берген. Оштун автобекети 4 гектар жерди ээлеп, 500 адамды тейлөөгө ылайыкташкан. Аны сырттан караганда эскирип шыбагы көчүп түшөйүн деген дубалдары көзгө түшөт.
Оставьте первый комментарий