УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган уюм өкүлдөрү кармалды

29-майда К.С аттуу чет элдик жаран менен Ш.Л. аттуу кыргызстандык УКМК кызматкерине пара катары 500 АКШ долларын берип жаткан учурда кармалган. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы христиандык диний уюмдардын биринин өкүлдөрү мурда бул чөйрөдөгү мыйзамдардын нормаларын бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган. 

«Алар белгиленген тартипте иш жүргүзүүгө уруксат албастан чет өлкөлүк миссионерлерди тартуу менен диний ырым-жырымдарды өткөрүшкөн. Айып салынгандан кийин чет элдик жаранга бул ишмердүүлүк менен алектенүүгө расмий уруксат берилген эмес. Мындан улам диний уюмдун өкүлдөрү бул маселени чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн УКМКнын кызматкерине кайрылып, “кызмат” үчүн 1000 АКШ доллары өлчөмүндө материалдык сыйлык сунушташкан», — деп айтылат маалыматта.

Кармалган чет элдик жаран учурла УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өлкө аймагында иш алып барган чет өлкөлүк диний өкүлчүлүктөрдү Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого чакырган.

Автор Т-медиа 12153 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*