Бишкекте суу тартыштыгынан улам 15 мончо, унаа жуучу жай убактылуу жабылды

Бишкекте ичүүчү суунун тартыштыгы пайда болгондуктан 15 жеке мончо жана унаа жуучу жай убактылуу жабылды. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди. 

Маалыматка караганда, акыркы жылдары айрыкча жай мезгилинде борбор калаада калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселеси курчуп жатат. Бир кишиге суткасына орточо суу керектөө 170 литрден 410 литрге чейин өскөн.

«Сууну керектөөнүн көбөйүшүнүн себептеринин бири жашыл аянтчаларды жана чарбалык аянттарды сугаруу үчүн ичүүчү сууну көзөмөлсүз жана сарамжалсыз пайдалануу болуп саналат» — деп айтылат мэриянын маалыматында.

Муниципалитет шаарды суу менен камсыздоону жакшыртуу үчүн көлдөрдү толтуруу, суу түтүктөрүн куруу иштери жүрүп жатканын белгиледи. Калккта сууну этияттык менен пайдалануу боюнча да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бишкек шаары ичүүчү суу менен Орто-Алыш жана Ала-Арча жер астындагы суу кендеринин 37 суу алгычынан камсыздалат. Учурда «Орто-Алыш» суу алгычында жер астындагы суулардын статистикалык деңгээли 15 метрден 20 метрге чейин төмөндөгөн.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1489 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*