
Быйыл январь-март айларында банктардын кирешелери 30 млрд. сомдон ашып, өткөн жылдагыдан 24%га көбөйдү. Бул тууарлуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Ал эми, чыгымдары 1,5 эсеге көбөйүп 8,6 млрд. сомду түздү.
2023-жылдын I кварталында финансы секторунун ишканалары тарабынан 11,6 млрд. сом сальдолоштурулган пайда алынды. Пайданын өсүшү коммерциялык банктарда, камсыздандыруу уюмдарында жана кредиттик уюмдарында байкалды. Ал эми Улуттук банкта төмөндөдү.
Экономиканын финансы секторунда Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 357 күрөөкана, 142 микрокредиттик уюм, 93 кредиттик бирикме, 15 камсыздандыруу компаниясы жана бир адистештирилген финансылык-кредиттик уюм иштеп жатат.
Оставьте первый комментарий