Бишкектеги суу тартыштыгы: депутаттар мэриянын маалыматын угууну сунуштады

Сүрөт: economist.kg

Парламенттин 7-июндагы жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкекте таза суу тартыштыгы боюнча жагдай күн сайын оорлоп баратканын билдирди. Мындан улам ал Жогорку Кеңешке Бишкек шаарынын мэрин чакырып, маалымат угууну сунуштады.

«Бишкекте таза суу чоң көйгөй болууда. Мэрияны уксак. Бул маселени мен үчүнчү жолу көтөрүп атам. Бирок бир дагы жылыш жок. Же өкмөт карабайт же мэрияда отурум болбойт. Кененирээк маалымат берилбейт. Качан бул көйгөй чечилет? Же көйгөй өзү менен өзү чечилбейт, тескерисинче, күндөн-күнгө абал оор болуп жатат. Маселени Жогорку Кеңеште уксак. Ушундай боло берсе, эл дагы көчөгө чыгат».  

Бекешевдин мэрди парламентке чакыруу сунушун айрым кесиптештери да колдоду.

«Кесиптешимин сөзүнө кошулам. Суунун башында туруп, ушундай маселе жаралганы орчундуу көйгөй болуп жатат. Бүгүнкү күндө Бишкектин тегерегинде калктуу конуштарда бир жумадан бери таза суу жок. Элдин нааразычылыгы аябай күч болууда. Мэрди чакырып, «Эмне үчүн ушул маселенин алдын алышкан жок?  Эмне үчүн ушул кырдаал жаралып жатат?» деген суроолорго маалымат угалы», -деди Улан Примов. 

Бирок төрага Нурланбек Шакиев депутаттардын негизги милдети мыйзам чыгаруу экенин эскертип, мындай маселелерди фракциялардын жана комитеттердин жыйындарында кароого чакырды. Бир канча талаш-тартыштан кийин Шакиев Бишкектин мэрин 8-июнда парламентке чакырганга макул болду.

Бишкекте күн ысыгандан бери айрым райондордо таза суу берүүдө кыйынчылыктар жарала баштаган. «Бишкексууканал» ишканасынын маалыматы боюнча, айрыкча көйгөй калаанын түштүк бөлүгүндө байкалууда. Буга байланыштуу мекеме 6-июнда калаанын түштүк бөлүгүнө түнкү убакытта таза суу берүүнү токтотуп турууга мажбур болуп жатканын билдирген.

Автор Т-медиа 12153 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*