Ленин округунда кайра шайлоо өтөбү? БШКнын жообу

Интернеттен алынган сүрөт

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Дамира Ниязалиева менен Улан Сариевди сот күнөөлү деп тапса, шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылат. Борбордук шайлоо комиссиясы бир ай ичинде кайра шайлоо өткөрүү камын көрөт. Бул тууралуу «Т-Медиага» БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

«Жалпы келген шайлоочулардын үчтөн биринин добушу жокко чыгып калса, анда кайра шайлоо өткөргөнгө шарт түзүлөт. Талапкерлердин кыймыл-аракетин сот карайт. Ал эми БШК  шайлоонун жыйынтыгы боюнча 11-июнга чейин чечим чыгарат. Эгерде жокко чыгарылса, бир айдын ичинде жаңы шайлоо дайындалат. Ал эки ай мөөнөттө өтүш керек. Эгер, бир талапкердин кыймыл-аракетинде мыйзам бузуу аныкталып, ошол талапкер алган добуштар жараксыз деп табылса, ал кийинки өнөктүккө катыша албайт. Каттоосу жокко чыгарылган талапкерлер үч күндүн ичинде сотко кайрылганга укугу бар», -дейт ал. 

Борбордук шайлоо комиссиясы 5-июнда бир мандаттуу Ленин округунан парламент депутаттыгына ат салышкан Дамира Ниязалиева менен Улан Сариевдин каттоосун жокко чыгарган. Ниязалиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга да макулдук берди. Боршайкомдун жыйынында Бишкек шаардык милициясынын башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбаев талапкер тарабынан добуш сатып алуу фактысы далилденгенин билдирген.

Ал эми Улан Сариев шайлоочулардын добуштарын сатып алды, муниципалдык кызматчыны жана аймактык коомдук башкаруучу кызматкерди үгүт иштерине тартты, административдик ресурс пайдаланды, шайлоо фондунда каралбаган каражатты колдонду жана шайлоочуларды системалуу түрдө ташып келди деп шек саналган. Милиция аны кылмыш жоопкерчилигине тартууну сураган жок. Натыйжада БШК талапкердин каттоосун гана жокко чыгарды. Буга ал каражатты шайлоо фондун кыйгап өтүп пайдаланды деген негиз келтирилди. Талапкер Улан Сариев дагы шайлоо фондунда каралбаган 25 миңди сомду ижара акысына жумшаганын моюнуна алды.

Ниязалиеванын штабын тинтүү

29-майда интернетте Дамира Ниязалиеванын добушуна окшош аялдын шайлоо штабынын кызматкери делген адам менен сүйлөшүүсү тараган. Алар кишилерди ташып келүү, акча берүү жана башка темаларды сүйлөшкөн. Ниязалиева ал видеодогу сөздөр чындыкка дал келбей турганын «Азаттыкка» берген комментарийинде билдирип, аудиону «монтаж» деп сыпаттаган.

Аудиодон улам ошол эле күнү У.Р. жана А.А. аттуу жарандар кармалган. Алар Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалганын «Т-Медиага» мекеменин басма сөз катчысы Айбарчын Баатырбекова билдирген. Маалыматка караганда, кармалгандар Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси («Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу») боюнча айыпталып жатат.

30-майга караган түнү милиция Дамира Ниязалиеванын штабында тинтүү иштерин жүргүзүп, штабдын эшигин жаап, мөөр басып кеткен. Талапкер өзү дагы 30-майда Бишкек шаардык милициясына суракка чакырылганын ырастап, «милиция аны менен иштешкен эки-үч бала кармаганын» тактаган болчу.

Сариевге козголгон кылмыш иши

УКМК талапкер Улан Сариев добуш сатып алууга шектелип жатканын 1-июнда кабарлаган. Маалыматка ылайык, «Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу» беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында Сариев жана анын айланасындагылар үгүт мезгилинде «шайлоочуларды сатып алууга аракеттенип, шайлоо фондуна кирбеген финансылык каражаттарды жана административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланып, ошондой эле шайлоочуларды ташыганы» тууралуу далилдер алынган.

Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунда кайра шайлоо 28-майда өткөн. Автоматтык эсептөөчү урналардын жыйынтыгына ылайык, Ниязалиева шайлоого катышкандардын 35,83% добушуна ээ болгон. Ал эми Улан Сариев 11,88% менен экинчи орунга илинген.

БШКнын маалыматына ылайык, добуш берүүгө келген жарандардын активдүүлүгү өтө солгун болуп, тизмеге катталган 124 миң 908 адамдын 17 миң 423ү гана шайлоого келген.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*