
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.С.С. жана депутат С.Н.А. 25 миң сом алып жаткан жеринен кармалганын кабарлады. Окуя үстүбүздөгү жылдын 31-майында болгон.
Алар ар кандай текшерүүлөрдү уюштуруп, ээлеген кызматына шайкеш келтирүү маселесин шаардык кеңештин отурумуна алып чыгам деп коркутуп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинен акча талап кылган.
Ааталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту («Опузалап талап кылуу») менен кылмыш иши козголуп, айып тагылган. Соттун чечими менен шектүүлөр УКМКнын тергөө камак жайына эки айга камакка алынышкан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасы Сагын Кудайбердиев кесиптештеринин кармалганын ырастады. Бирок алардын аты-жөнүн ачыктаган жок. Ал муну тергөө жүрүп жатканына менен байланыштырды.
Оставьте первый комментарий