Жалал-Абад: Сузакта чайкана өрттөнүп, эки адам каза болду

ӨКМ тараткан сүрөт

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Винсовхоз айылындагы чайкана толугу менен өрттөнүп, анын кесепетинен эки адам каза болду. Кырсык 8-июнга караган түнү, саат экилер чамасында орун алган. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылып, таңкы саат беште толук өчүрүлгөнүн кабарлады. Куткаруучулар 59 жана 87 жаштагы эки адамдын сөөгүн алып чыгып, милицияга өткөрүп беришкен.

Учурда өрттүн себеби иликтенип, тактоо уланууда.

Автор Т-медиа 12153 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*