
Социалдык тармакта жеңил насыя сунуштаган күмөндүү аккаунттарга көзүңүз түшүп жатабы? Алар сиз жазган пост же болбосо бөлүшкөн маалыматтарыңызга комментарий калтырып жатканын байкап жатасызбы?
Биздин редакция ушул сыяктуу насыя сунуштаган бир нече аккаунттарды карап чыкты. Алардын баарында кантип онлайн насыя алса боло турганы боюнча сунуштар жазылган.
Мисалы, фейсбукта Juste Juste аттуу колдонуучу өзүн улуттук банктын директору деп атап, арзан насыя сунуштап, төмөнкүдөй комментарий калтырган.
Сиз ал сунуштаган шилтемени басканыңызда кандайдыр бир whatsapp группага туш болосуз.
Whatsappта +229 95 55 63 46 номери көрсөтүлгөн.
Бул номердеги код Бенин республикасына таандык. Ал Африканын батыш бөлүгүндө жайгашкан. Насыя сунуштаган аккаунттун 48 досу жана 13 катталуучусу бар экенин, ал эми туулган жылы 2000-жыл деп көрсөтүлгөн.
Мындан насыя сунуштагандар соц тармакта ондоп саналат. Алардын баарында бирдей эреже. Текст жана кандайдыр бир шилтеме, номер берилет.
Алар сунуштаган шилтемени басканыңызда чатка кошулуу сунунушталат. Аны улам жаңылап бассаңыз, улам башка сүрөттөр менен аттары чыгат.
Дээрлик алардын баарында «Сиздин кредиттик тарыхыңыз начарбы? Биз сизге 200 миңден миллионго чейин кредитти тез арада күрөөгө коюусуз жана алдын ала төлөмсүз, жогорку пайыздык макулдук менен алууга жардам беребиз”, “Сизге каалаган суммада жана каалаган максатта микрокредит беребиз. Кепилдик – 100%”» деген маалыматтар жана чет өлкөлүк жарандардын аты-жөнү, сүрөтү менен жазылган кыргызча жайгаштырылат.
Бирок, бул шылуундардын аракети. Алар жиберген шилтемеси менен сиздин жеке маалыматтарыңызды алууга аракет кылышат.
Эгерде сиз шылуундардын курмандыгы болуп калсаңыз, эмне кылууңуз керек?
Дароо укук коргоо органдарына, ошондой эле карталарыңызды блоктоо үчүн банкка кайрылууңуз керек. Банк карталарды блоктоп, жаңыларын кайра чыгарат. Микрокредиттерди берүү боюнча онлайн сервистер боюнча банктык тиркемеде өзүңүздүн жеке эсебиңиздин паролдорун сөзсүз түрдө өзгөртүңүз. Алдамчылар сиздин атыңыздан жасалма насыя албаганына ынануу үчүн кредиттик отчетуңузду квартал сайын текшериңиз.
Маалыматтарыңызды каржылык алдамчылардан коргоо үчүн жөнөкөй коопсуздук эрежелерин сактаңыз:
Сизге жеңилдетилген шартта банк кредиттерин же микрокредиттерди сунуштаган ортомчуларга ишенбеңиз, насыя алуу үчүн акчалай сыйлык бербеңиз. Булар шылуундар.
Насыяларды жана микрокредиттерди алуу үчүн түздөн-түз банктарга же микрофинансылык уюмдарга кайрылыңыз. Бирок кандай гана насыя болбосун бул чоң жоопкерчилик экенин унутпаңыз!
WhatsApp, Telegram, жана башка мессенджерлер аркылуу өзүңүз жана картаңыз тууралуу маалыматты үчүнчү жактарга өткөрүп бербеңиз.
Ага сырсөздөр, логиндер, коддор жана башка жеке маалыматтар (ID же паспорттун номери, төлөм карта реквизиттери: артында үч орундуу код картанын (CVV /CVC коду), анын номери, жарактуулук мөөнөтү) кирет. Социалдык тармактарга өзүңүздүн инсандыгыңыздын документтериңиздин жана төлөм карталарыңыздын сүрөттөрүн жайгаштырбаңыз.
Эсиңизде болсун: Банктар сиздин жеке маалыматыңызды билүү үчүн биринчи чалышпайт жана мессенджер аркылуу жазбайт, андан да алар ортомчулук кызматтарды сунуштабайт.
Вирустар, шпиондук программалар болушу мүмкүн болгон бейтааныш адамдардан колдонмолорун жүктөп албаңыз же үчүнчү жактарга түзмөгүңүздү алыстан башкарууга уруксат бербеңиз. Бул сыяктуу фишинг шилтемелерин баспаңыз.
Эсепти же картаны ачууда, транзакциялар жөнүндө SMS же push-билдирүү кызматын активдештириңиз. Мобилдик банкинг колдонмоңузда, ошондой эле электрондук почта жана социалдык медиа эсептеринде күчтүү сырсөздөрдү колдонуңуз.
Жыйынтык: Соц тармактагы күмөндүү аккаунттардагы онлайн насыялар бул — интернет фишинг. Шылуундардын аракети.
Оставьте первый комментарий