Маматалиев: Суунун башында туруп суунун жоктугу кечирилгис

Жогорку Кеңештин 8-июндагы жыйынында депутат Марлен Маматалиев  Бишкектеги суунун жоктугу боюнча маселе көтөрдү.

Маматалиев суунун башында туруп суунун жоктугун  кечирилгис деп эсептерин айтты. 

«Кечээ айтып жатабыз мөңгүлөр эрибесе эмне кылалы деп. Эрибейт деп же Каховская ГЭС нен суу келип калар бекен деп күтүп олтура берсек болбойт. Биз маселени чечип беришибиз керек.  Шаардын мэриясы өкмөткө 2 жылдан бери кайрылып жатыптыр. Ошону  өкмөт чечпегендиктен бүгүн бизде суу жок», — деди ал. 

Жогорку Кеңешттин 7-июндагы жыйынында бир нече депутат  Бишкек шаарындагы суу көйгөйүн көтөрүп, калаа мэри Эмилбек Абдыкадыровдун маалымат берүүсүн  талап кылышкан. Бирок төрага Нурланбек Шакиев «биз бул жерде караган менен суулар көбөйүп, мөңгүлөр эрип кетпейт» деп айткан. 

Автор Айдана Осмонова 375 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*