
Оштогу жалгыз мамлекеттик «Весна» кинотеатры 2005-жылы жеке менчикке өтүп кеткен. Аны кайтаруу иштери 2018-жылдан бери жүрүп келген. Кинотеатр мамлекеттин балансына өтсүн деген соттун чечими чыкканы менен аткарылбай жатканын айтып Ош облустук кино дирекциясынын маалымат катчысы билдирүүдө.
Аталган кинотеатрды сот 2020-жылы мамлекетке кайтарылсын деп чечим чыгарган. Бирок эч кандай иш жүргүзүлгөн эмес. Кинотеатр мамлекеттин эсебине өтсө, кинолор тез-тез коюлуп турмак дейт Асранкул Жээнкулов. Анткени жеке менчик кинотеатрларга кино койдуруу үчүн ижара акы көп.
«Мамлекетке кайтарылсын деген бирок эч кандай иш жүрбөй жатат. Эмнеге андай болуп жатканын өзүбүз да алигиче билбейбиз. 2020-жылдан бери кагаздар жөн эле жатат. Эч ким кызыккан эмес», — дейт Ош облустук кино дирекциясынын пресс катчысы Асранкул Жээнкулов.
Весна” кинотеатры 2004-жылы токтомдун негизинде 15 жылга убактылуу пайдаланууга берилген. Бирок 2005-жылы бийлик алмашкандан кийин менчикке өтүп кеткен. Кинотеатрдын мыйзамсыз, негизсиз өтүп кеткени боюнча бир канча материалдар бар экенин юрист Болот Баетов билдирди. Колдон колго өтүп жүрүп, 2020-жылы Ош шаардык, облустук соту мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүү чечимин чыгарган.
«Кинотеатр мүлк фондуна кайтышы керек мыйзамдын талаптарында ошондой. Себеби соттун чечимдери, аныктамалары толук түрдө күчүндө», — дейт юрист Болот Баетов.
Соттун чечими чыкканы менен кинотеатр Жамила Кулсариева аттуу жеке жарандын атында катталып турат. Менчиктеп алган жарандар театрды банкка күрөөгө коюп коюшканын облустук прокуратурадан билдиришкен. Мамлекеттик мүлк фонду болсо «Весна» кинотеатрын каттоо үчүн Кадастр кызматына кайрылганын, документтер туура эмес болуп, кайрадан прокуратура карап жатканын айтат.
Эске салсак, Ош шаарында мамлекеттик кинотеатр жок. Буга чейин Маданият министрлиги «Весна» кинотеатры кайтарылып алынса, калыбына келтирип, элдин маданий эс алуусун камсыздоо үчүн шарттарды түзөбүз деп убадалаган.
Оставьте первый комментарий