
Ош шаарындагы «Достук» көпүрөсүнүн астында эч нерсе уюштурулбасын деген талап аткарылбай жатат. Учурда ал жер автотоктомо жайына, бир бөлүгү азык-түлүк базарына айланды. Бирок мыйзамда коопсуздук үчүн көпүрөлөрдүн астында мындай иш-аракеттердин уюштурулушуна тыюу салынат.
Азык-түлүк алуу үчүн келген тургундар өз ден-соолугунан кооптонсо, сатуучулар эч кандай коркунуч жок дешет.
«Кооптуу. Жолдун боюнда болгон үчүн айласыз келип атабыз», -дейт шаар тургундарынын бири.
«Автомобиль жолдору жөнүндөгү» мыйзамдын 27-беренесине ылайык, көпүрө-өтмөктөрдүн, эстакадалардын алдына транспорт каражаттарын жайгаштырууга, бак-дарак тигүүгө, автоунааларды жууш үчүн сервис объекттерин салууга, киоск, павильон, дагы башка ушуга окшогон башка курулмаларды жайгаштырууга тыюу салынат. Муну Ош шаары боюнча милициянын кайгуул кызматы тастыктайт. Мекеменин басма сөз катчысы Кубынчбек Камчибеков жакын арада соода-сатык жүргүзгөн жарандарга үч миң сомдон айып пул салынарын билдирди.
«Жолдун бою же көрүрөнүн астына эч кандай курулуш салбаш керек. Соода-сатык кылганга да болбойт. Милициянын кайгуул кызматы тарабынан Жолдор башкармалыгына «Көпүрөнүн эки жактан кирген багытын жаап, машиналар киргенге, токтогонго жана соода кылууга болбойт» деген сунуш жөнөтүлгөн. Бул иш прокуратурага чейин барган. Азыр дагы жөнөтүп атабыз», -дейт ал.
«Достук» көпүрөсүнүн астын Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы июнь айынын башынан жеке ишкерге автотоктомо үчүн ижарага берген. Мекеменин башчысы Канышай Имарованын айтымында, андан жергиликтүү казынага ай сайын 251 миң сом түшөт. Ага ылайык, жеке жаран анын астын автотоктомо кылып иштетиши керек. Соода-сатык жайы уюштурулса келишим бузулушу шарт.
Бирок келишимди түзөөрү түзүп алып, аны бийлик да жеке ишкер да карманбай жатат. Бюджетти толтурууну башкы максат кылган Муниципадык менчик башкармалыгы соодагерлер өз билемдик менен иш алып барып жатат дешет. Имарова милициянын кайгуул кызматы автотоктомо уюштурууга уруксат бергенин кошумчалады.
«Бул эми базардагы жолдун жээгиндеги мыйзамсыз, өз билемдик менен токтотуп келген автоунаалардын коопсуздугу, жол тыгынын жоюу үчүн көпүрөнүн түбүнө киргиздик. Мыйзамга баш ийсек, экинчи жагынан мыйзам бузуу болууда. Анда Кайгуул кызматы бизге шартты түзүп берсин».
Канышай Имарова көпүрөнү ижарага берүүдө Транспорт жана коммуникация министрлигинен талапка жооп бериши боюнча аныктама алынган дейт. Кырсык оолак болсун дейли. Бирок андай учур жаралса жоопкерчилик эч кимге жүктөлбөйт экен.
«Кудай сактасын. Бул эми жаратылыштын кубулушу. Бирөө атайын жасабайт да. Жеке менин эле эмес ал жердеги бардык адамдардын жоопкерчилиги», -дейт Имарова.
Көпүрөнүн астына автотоктомо уюштурууга мүмкүн болсо аны чектеген мыйзамдар чыкмак эмес. Бирок мызамды кыйгап өткөн бир эле «Достук» көпүрөсү эмес. Ошто башка көпүрөлөрдүн астында, жада калса капиталдык курулуш түшкөн да учурлар бар.
Оставьте первый комментарий