Жапаров: Кыргызстан сомду өзү басып чыгара баштайт

Кыргызстан жакын арада сомду өзү басып чыгара баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров сомдун киргизилгендигинин 30 жылдыгына карата өткөн иш-чарада билдирди.

Өлкө башчы бул багытта иш жүрүгүзүлүп, керектүү техника алынганын айтты. Мындан сырткары, убагында улуттук валютаны жүргүртүүгө киргизүү өлкө үчүн  экономикалык реформаларга мүмкүнчүлүк ачканын белгиледи. 

СССР өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан биринчилерден болуп улуттук валютаны 1993-жылдын 10- майында жүгүртүүгө киризген. Быйыл кыргыз сомунун  түптөлгөнүнө 30 жыл болду.

Учурда сомду Франция жана Мальта өлкөлөрү басып чыгарат.

Автор Айдана Осмонова 375 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*