Орозбаковдун вариантындагы «Манас» эпосунун жазмасы ЮНЕСКОго кирди

ЮНЕСКОнун башкы директору Азуле Одрэ президентке манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы “Манас” эпосунун кол жазмасын материалдык эмес мурастар тизмесине киргизүү тууралуу сертификат тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлады.

8-июнда ЮНЕСКОнун башкы директору өлкөгө расмий сапар менен келген.

Тараптар  кызматташууну талкуулап, ошондой эле биргелешкен программаларды ишке ашыруу боюнча мындан аркы пландарды өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришкен.

Орозбаковдон жазып алынган «Манас» 180 миң 378 саптан турат. Эң көп образ Сагынбай Орозбаковдун вариантында айтылат.

Автор Айдана Осмонова 375 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*