
Биздин үйгө жанаша салган имарат сүрдүрүлсүн. Мэрия буза албай жатат. Мындай нааразычылыкты Ош шаарынын Масалиев көчөсүндөгү 28, 28 а блогундагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары айтып чыгышты. Алардын айтымында көп кабаттуу үйгө жакын “Молочное” кафеси документтен сыртка чыгып, курулуш куруп алган.
Жашоочулардын айтымда тиешелүү органдар келип, кафенин имаратынын бир бөлүгүнүн архитектуралык уруксат документи жоктугун билдиришкен. Аны улай тамактануучу жайдын ээси үйдүн дубалына улап авиакасса салып алган. “Бирок ага карабай жергиликтүү бийлик курулушту буза албай жатат”-деп даттанышты жергиликтүүлөр. Алар мыйзамсыз курулуштар бузулса, автотоктомо кеңейип, жол ачылмак дешет.
«Бул муниципалдык жер, бул шаардыкы, элдики шаардын жерин тосуп алды.Мен УМСке бузбайсынарбы десем, архитектурадан документ берилсе, бузам дейт. Сиз туруп турсаңыз өзүбүз чечебиз деп жатат»,-дейт Ош шаарынын тургуну Эмилбек Ураимов.
Молочное кафесинин ээси Мадамин Насиров архитектуралык документтери толуктугун, ошентседа жакын арада жол ачып берерин айтат.
«Архитектура бүгүн жети жолу өлчөдү, баары туура, мыйзсамсыз нерсе жок. Мен эми өзүмдүн жеримен жол ачып берем»,-дейт ал.
Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары авиакасса ишкердин өз эсебинен бузуларын билдирди. Ал эми документтен чыгып салган курулушу боюнча мекеменин юристтери иш алып барат дейт.
Ал эми архитектуралык курулушту көзөмөлдөө департаментинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Руслан Суракматов имарат боюнча териштирүү жүрөөрүн, эреже бузуу аныкталса айып пул салынып, тиешелүү чара көрүлөөрүн айтты.
Эске салсак ушул эле жашоочулар буга чейин “Молочное” кафесинин канализациясы көп кабаттуу үйгө туташтырылып, саркынды суулар үй алдына топтолуп жатат деген нааразычылыктарын айтышкан.
Оставьте первый комментарий