
10-июндан тарта Ош шаарындагы аллея жана сейил бактарында таңкы машыгуулар уюштурулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган иш чара шаар тургундарын жана конокторун дене тарбияга жана сергек жашоого тартуу максатында уюштурулуп, Ош шаарынын үч кичи районунда өтүүсү пландалууда.
Алар:
Токтогул Сатылганов атындагы сейил багы,
«Манас-Ата» аймактык башкармалыгынын У.Салиева көчөсүндөгү аллеясы,
«Керме-Тоо» аймактык башкармалыгынын Анар кичи районундагы Абдыкадыров көчөсүндөгү аллеясы.
Иш-чаранын программасында булчундарды алдын ала жумшартуу, көнүгүүлөрдү аткаруу жана чуркоо бар.
Белгилей кетсек, таңкы көнүгүүлөр шаардын ар кайсы райондорунда ар ишемби күндөрү саат 7ден 8ге чейин өткөрүлмөкчү.
Оставьте первый комментарий