Сот Өмүрбек Бакиров утуп келген Ноокаттагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды

Бишкек шаардык административдик соту Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Мындай чечим  7-июнда чыкканын шаардык соттун басма сөз катчысы Айсулуу Жаасынова «Т-Медиага» билдирди.

Маалыматка караганда, 2021-жылдагы парламенттик шайлоого № 4 Көк-Жар шайлоо округунан талапкер болгондордун бири Равшанбек Рысбаев ушул округдан шайланган депутат Өмүрбек Бакировдун мандатын жокко чыгарууга байланыштуу сотко арызданган. Ага ылайык, шайлоонун жыйынтыгы тууралуу БШКнын чечими жокко чыгарылган. Мунун натыйжасында шайлоо өткөн жок деп табылып, Бакиров депутаттык мандатынан ажыратылат.

Эл өкүлү бул чечимге макул болбосо 30 күндүн ичинде Жогорку Сотко кайрылууга укуктуу.

Эске салсак: былтыр 13-декабрда Бишкек шаардык административдик соту Өмүрбек Бакировдун Көк-Жар айылдык округу боюнча шайланып келген депутаттык мандатын анын атаандашынын арызы менен кайра карап чыгуу талабын канааттандырган. Депутат муну парламентке кысым, мыйзам бузуу катары баалаган.

Кийин Бакировдун тарапташтары чогулуп, эл өкүлүн коргоп бийликке кайрылуу жасашкан. Алар аны мандатынан ажыратпоону талап кылышкан.  

 

Автор Т-медиа 12153 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*