«Март жигиттер». Жапаров жол оңдоого демөөрчү болгондорду ачыктады

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине маек берип, акыркы жылдары шаарлардагы ички жолдорду оңдоп-түзөөгө кимдер демөөрчү болуп жатканын айтты.

Жапаровдун маалыматында, Нарын шаарында жалпы 18,5 чакырым узундуктагы 44 көчөнү оңдоо иштери жүрүп жатат. Аны асфальттоого Жумабек Салымбеков өз ыктыяры менен 50 млн сом берген. Өмүрбек Бабанов 80 млн сом, жеке ишкерлер Марат Назарбеков жана Алмазбек Тиленбаев 30 млн сомдон бөлүшкөн.

Талас менен Баткен шаарларынын ички жолдорун оңдоого “Бакай” банкынын ээси Сергей Ибрагимов 200 млн сом берген.

«Мен жогоруда атаган ишкерлерди өз өлкөсүнө кайдыгер карабаган, Кыргызстанда иштеп тапкан пайдасы менен бөлүшө билген берешен, март жигиттер деп айтаар элем. Учурдан пайдаланып, мамлекетке төлөп жаткан салыгынан сырткары, өз ыктыяры менен өлкөмө пайдам тийсе деген ниеттерине ыраазычылык билдире кетейин. Албетте, мамлекет алакан жайып олтурган жери жок, бюджеттен миллиарддаган каражаттар жаңы социалдык обьектилерди, ошондой эле жолдорду курууга жана башка багыттарга жумшалууда. Ошону менен бирге, март жигиттерибиздин өз ыктыяры менен кылган демөөрчүлүгү дагы ушундай долбоорлорду ишке ашырууга жакшы өбөлгө болуп жатат» — деген Жапаров.

Ал эми, Жалал-Абаддын ички жолдорун оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен 2 млрд сом каражат бөлүнгөн.

 

 

Автор Наргиза Анарбай кызы 1489 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*