Сот БШКнын Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгаруу чечимин колдоду

Бишкек шаарынын административдик соту Ленин бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Дамира Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгаруу чечимин күчүндө калтырды. 

Буга чейин талапкердин өкүлдөрү БШКнын чечимине макул болбой сотко кайрылышкан.

Борбордук шайлоо комиссиясы 5-июнда бир мандаттуу Ленин округунан парламент депутаттыгына ат салышкан Дамира Ниязалиева менен Улан Сариевдин каттоосун жокко чыгарган. Ниязалиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга да макулдук берди. Боршайкомдун жыйынында Бишкек шаардык милициясынын башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбаев талапкер тарабынан добуш сатып алуу фактысы далилденгенин билдирген.

 

Автор Наргиза Анарбай кызы 1489 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*