Төө-Ашууда маал-маалы менен кыймыл чектелет. Тоннелдин жолун оңдоо башталды

Ош — Бишкек унаа жолундагы Төө-Ашуу тоннелинин 129-500-чакырымынан тартып 129-750-чакырымына чейинки аралыктагы жолдун бир бөлүгүндө оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Ремонт иштерине байланыштуу 30-июнга чейин унаалардын кыймылына чектөөлөр киргизилип турат.

Ош — Бишкек унаа жолундагы Төө-Ашуу тоннелинде кыймыл:

Саат 05:00дөн 08:00гө чейин;

Саат 10:00дөн 12:00гө чейин;

Саат 14:00дөн 16:00гө чейин чектелет.

Айдоочуларга чектөөлөрдү эске алуу менен сапарын пландоо эскертилди.

 

Автор Наргиза Анарбай кызы 1489 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*