Футбол: Кыргызстан Ооганстан командасын жеңди

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы CAFA турниринин тандоо турунда Ооганстанды 1:0 эсебинде жеңди.

Кыргыз футболчулары атаандашынын дарбазасына чечүүчү голду акыркы минуталарда киргизди. Бирок Ооганстандын курама командасы калыска нааразы болуп, оюн бүтө электе талааны таштап чыгып кетти. Алар гол эрежени бузуу менен киргизилди деген ойдо.

Беттеш Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Оюн Борбор Азия футбол ассоциациясынын Улуттар Кубогунун тайпалык раундунун алкагында өтүп жатат.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1489 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*