"Эмдөө гана оорунун алдын алат".
Ошто жыл башынан бери кызамык жуккан 700дөн ашык учур катталды
Кыргызстанда ушул жылдын алты айында миңден ашык жарандан кызамык (корь) илдети аныкталган. Ооруну жуктургандардын көбү Ош облусунда болууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бейтаптардын 81 пайызы мурда кызамыкка каршы эмдөө ала электер.
Кара-Суу районунун тургуну Нурзат Жунусова үч айлык уулуна ооруканада дарыланып жатканда кызамык жуктуруп алган. Алгач өзү, андан кийин ымыркайы ооруган. Оштогу балдардын жугуштуу ооруларынын алдын алуу борборунда жатканына алты күн болгон.
Нурзат Жунусова - Кара-Суу районунун тургуну Биринчи өзүм ооруп, үйдөн эле дарыланганмын. Кийин баламдын ичи өтүп, дене табы көтөрүлүп кетти. Эки-үч күндөн кийин бетине кызылдар чыга баштады. Кара-Суудагы ооруканага барсак, ал жерде оорун жок экен. Анан Ошко келдик. Баланын абалы биринчи келгенде оор эле. Азыр жакшы болуп калды. |
Оштогу ооруканада кызамыкка каршы дарыланып жаткандардын арасында бир жашка чыга элек ымыркайлар көп. Телегей Аматова да кызын жана сегиз айлык небересин карап жатат. Ооруну кайдан жуктуруп алышканын билбейт.
"Эч жерге деле барбадык эле, оору кайдан жукканын билбейбиз. Жатканыбызга төрт күн болду. Абалдары жакшырса үйгө чыгат элек".
Кызамыкка кабылгандардын көбү жаш балдар
Кызамык оорусуна байланыштуу Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар стационарында атайын бөлүм ачылган. Ушул жылдын февраль айынын аягында ооруну жугузган биринчи учур катталып, ушул күнгө чейин токтобой келет. Жалпы 320 бейтап кайрылып, дарыланып чыгышкан. Аталган стационардын жетекчисинин орун басары Сүйүнали Мамажановдун айтымында, алардын ичинен 52си чоңдор болсо, калгандары жаш балдар жана ымыркайлар. Көбү кызамыкка каршы эмделген эмес.
Сүйүнали Мамажанов
Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар стационарынын жетекчисинин орун басары
Учурда ооруканада 28 бейтап жатат. Алардын төртөө чоң адам. Көбүнчө бизге 1-7 жашка чейинкилер кайрылды. Басымдуу бөлүгү эмдөөдөн өтпөгөндөр. Ата-энелерге ушундай илдет жүрүп жатканда балдарын көп жактарга алып чыкпоосун сунуштайбыз. Эгер, бала ооруса үй-бүлөлүк дарыгерлерди үйлөрүнө чакыртсын. Болбосо бул оору аба аркылуу жуккандыктан, иммунитети начарлар тез жугузуп алат.
Бир үй-бүлө толугу менен кызамык жуктуруп алган
Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар стационарына бир үй-бүлө толугу менен кайрылган. Анда ата-энеси жана 5-6 баласы менен дарыланып чыгышкан. Эгерде бир бала ооруса эмдөөдөн өтпөгөн башка үй-бүлө мүчөлөрү да ооруп калуу коркунучу бар.
Одина Аманбаева
Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар стационарынын инфекционист дарыгери
Бир жолу бала-бакчадан 1 бала ооруп, кийин ошол эле бакчадан өтө көп бала кайрылды. Үй-бүлөдө деле ушундай көрүнүштөр көп болот. Азыр деле апасы бир-эки баласы менен жаткандар бар. Оорунун белгилери- сасык тумоо сыяктуу дене табы көтөрүлүп, көзүнөн жаш агып, кургак жөтөл болот. Ошондо инфекциялык ооруларды караган дарыгерге кайрылыш керек. Бизде көзүн, тамагын текшертип атып, оору жайылып жатат.
Ош - кызамык эң көп катталган аймак
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча Ош облусу өлкөдөгү кызамык эң көп катталган аймак. Жыл башынан бери облуста 496 учур аныкталган. Анын ичинен 327си Кара-Суу районунда, 85и Ноокатта, Араванда 42 жана Өзгөндө 24 учур катталган. Жалпы бир жашка чейинки 167 ымыркай кызамык менен ооруган.
"Кызамык оорусу апрель, май айларында аябай күчөгөн. Азыр бир аз турукташып калды. Ош облусунун жана шаардын аймагында 1 жашка чейинки ымыркайлар көп ооруду. Ош шаарында 20-июлга чейин 236 адамдан кызамык аныкталды. Анын 36 пайызы же 77си бир жашка чейинкилер",-дейт Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун врач- эпидемиологу Насиба Бурханова.
Кызамык 4-5 жылда бир көтөрүлүп турган оору
Дарыгерлердин айтымында, кызамык 4-5 жылда бир көтөрүлүп турган илдет.
"Бул ооруну токтотуп калгандан кийин 4-5 жыл оору азайып, кездешпей калган учурлар да болот. Быйылкы жыл күчөдү. Ковидден мурун оору көп катталган. Бизге кайрылгандардын басымдуу бөлүгү, эмдөөдөн баш тарткандар, кызамыкка каршы эмделбегендер. Ошого ата-энелерге убагында балдарына вакцина алдырууну сунуштайбыз",- дейт Сүйүнали Мамажанов.
Кызамыктын белгилери кандай болот?
Кызамык - аба аркылуу жугуучу жугуштуу вирустук оору. Илдет эмдөө албаган же иммунитетти начар адамдарга өтө тез жугат. Бир адамдан аны менен байланыш түзгөн ондогон адам илдетти жуктуруп алышы мүмкүн. Вирустар адам жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, чүчкүргөндө абаны булгайт. Оору соо адамга вирустар менен булганган абадан дем алганда жугат. Кызамык менен бардык жаштагы кишилер ооруйт. Инкубациялык мезгили 16-21 күн.
Кызамыктын белгилери:
38-40°Сга чейин жогорку температура;
мурундун бүтүшү, суу куюлушу;
бат-бат кургак жөтөл;
тамактын кызаруусу;
үндүн кырылдашы;
көздөн жаш агуу;
моюн, желкенин шишип оорусу;
кулактын оорушу;
жарыкты карай албай калуу;
баш оору;
1-2 күндөн кийин денеге кызылдар чыга баштайт.
Денеге чыккан кызылдар алгач кулактын артына, бетке жана моюнга чыгат. Кийин денеге, анан кол-буттарда пайда болот. ️
️Милдеттүү эмдөө керек
Ооруну алдын алуунун ишенимдүү жолу - эмдөөдөн өтүү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, өлкөдө кызамык менен ооругандардын 81%ы вакцина алган эмес. Анын ичинен:

Мындан улам министрлик бардык ата-энелерди эмдөөнүн зарылдыгына көңүл бурууга чакырат. Кызамыкка каршы вакцина Кыргызстандын бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда бар.
Дарыгерлер кызамыкка кабылган балдардын көбүнүн ата-энеси динге шылтап, эмдөөдөн баш тартканын айтышат. Ош шаардык мусулмандар казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков биринчи орунда ден-соолук турарын эскертет. Ал дары иш жүзүндө пайдалуу болсо, анда сөзсүз эмделүү керек дейт.
Мухаммадияр кары Курбанбеков Ош шаардык мусулмандар казысынын орун басары Коомчулук менен жүргөндөн кийин өзүн эле эмес, өзгөнү да кошо ойлош керек. Кандайдыр бир жугуштуу оорулар болсо, сактануу зарыл. Медицинада тастыктап, пайдаларын, натыйжаларын белгилесе, анда эмдөөдөн өтүү керек. |