Ишкер менен элди каршылаштырган бийлик
Ош шаарындагы Баку көчөсүнүн жашоочулары акыркы үч жылдан бери үйлөрүнө жанаша жайгашкан таш кесүүчү заводдун ишмердүүлүгүнө нааразы. Чаңы ден-соолукка зыян, үнү тынчтык бербейт деп келишет. Ушул негизде алар заводдун ишин токтотуу дооматы менен Ош шаардык жана облустук сотко арызданган. Иш Жогорку сотко чейин жеткен.
Алгачкы эки инстанцияда чечим эл тарабына чыгарылган менен, Жогорку сот аны жокко чыгарган. Аймакта жашаган жыйырмадай үйдүн жактоочусу жаңы жагдай боюнча иш азыр Ош шаардык сотунда каралып жатканын айтты.
Завод жумуш долбоорун экологиялык эксперитизадан өткөрүп, оң корутунду чыккандан кийин гана эксплуатацияга берилет. Мыйзамда каралган тартиптеги атайын уруксат берүүлүүчү иш-чараларды "Травертин Строй" ЖЧКсы өткөргөн эмес. Эко-паспорт алган эмес. Ал жерден катуу тиричилик жана атмосфералык калдыктар чыгат. Буларга да атайын төлөмдөр жүргүзүлөт.

Чыңгыз Жолонов
Баку көчөсүнүн жашоочуларынын адвокаты
Мыйзамда берилген тартиптерди аталган ишкана сактаган эмес. Адвокаттын бул сөзү алдыда көп эскерилет, көңүлгө алып туруңуз. Заводду Мунарбек Турдукулов аттуу жаран 2006-жылы сатып алган. Ишкананын аткаруучу директору Урматбек Турдукулов ал кезде шаардык архитектура аталган жайда өндүрүштүн бардык түрүн жүргүзсө болоорун айткан дейт.
Бул жер өндүрүштүк база экенин ишендирип айткан. "Мындагы 50 гектар жерге турак-жай курулбайт" деп кошумчалаган. 1970-жылы курулган имаратка азыркы курула турган имартттын документтерин сурап жатышат. Корутунду, проект, бул документтерди жасаш кыйын экен. Мыйзам боюнча бардык төлөмдөрүн жүргүзүп турам. Кечээ жакында эле 270 миң төлөдүм. Эмнеге мамлекет өндүрүштүк багыттагы салыкты алышат дагы бирок ишмердүүлүгүмдү коргобойт?

Урматбек Турдукулов
"Травертин Строй" ЖЧКнын аткаруучу директору
Завод менен жергиликтүү тургундарды каршылаштырган ким?
2004-жылы ошол кездеги президент Аскар Акаевдин буйругу менен Кара-Суу районунан Ош шаарына 3670 гектар жер кошулган. Алардын катарында биз сөз кылып жаткан Баку көчөсү да бар. Аймак союз убагында өндүрүш зонасы болуп, ондогон ишканалар иштеп, ал ыдыраган соң, акционердик коомдорго өз багытында иштетүү талабы менен менчиктештирилген. Азыр да бул аймакта "Газпром Ош", "Ош Пирим", "Кыргызинвес интернейшнал", "Юг и Ко", "Ак-Таш", "Так-Тулпар" өңдүү ишканалар иштеп жатат.
Спутниктен тартылган сүрөттө дал ушул ишканалардын ортосунда бир канча үй салынганы көрүнүп турат. Ал эми 20 жыл мурда, тагыраагы 2002-жылы август айында тартылган бул сүрөттө заводдордун ортосунда эски тыт бактын гана орду турганын көрөсүз. Эми 2010-жылы тартылган сүрөттү байкаңыз. Мында бир үйдүн пайдубалы курулуп калган, 2012-жылдын июн айында пайдубалы курулган үйдүн чатыры жабылып, дагы эки үйдүн пайдубалы түптөлүп турганын көрүүгө болот. Ошентип, он жыл аралыгында аймакта кичинекей айыл пайда болгон.
Ал эми союз убагында автобаза болуп турган жайда Турдукулов 2008-2010- жылдары эшик терезелерди жасап, 2010-2018-жылга чейин тоок ферма иштетип турган. 2020-жылы таш кесуу аракети башталган.
Спутниктен тартылган сүрөттө дал ушул ишканалардын ортосунда бир канча үй салынганы көрүнүп турат. Ал эми 20 жыл мурда, тагыраагы 2002-жылы август айында тартылган бул сүрөттө заводдордун ортосунда эски тыт бактын гана орду турганын көрөсүз. Эми 2010-жылы тартылган сүрөттү байкаңыз. Мында бир үйдүн пайдубалы курулуп калган, 2012-жылдын июн айында пайдубалы курулган үйдүн чатыры жабылып, дагы эки үйдүн пайдубалы түптөлүп турганын көрүүгө болот. Ошентип, он жыл аралыгында аймакта кичинекей айыл пайда болгон.
Ал эми союз убагында автобаза болуп турган жайда Турдукулов 2008-2010- жылдары эшик терезелерди жасап, 2010-2018-жылга чейин тоок ферма иштетип турган. 2020-жылы таш кесуу аракети башталган.




Үй салына баштаганда "Мыйзамсыз салып атасыңар, ишкананын ортосуна болбойт" деп айткам. Мен арыз жазайын деп, адамгерчилик кылып жазбадым. Зорго үй салып жатса, кантип арыз жазам. Мамлекеттик каттоо, архитектурадан келгендер "Кол берип кой, турак жайга берели" дегенде кол койгон эмесмин.

Урматбек Турдукулов
"Травертин Строй" ЖЧКнын аткаруучу директору
2019-жылы үй салып алган 16 жаран Ош мэриясына алардын жер тилкелерин өндүрүш зоонасынан турак-жай багытына өзгөртүп берүү арызы менен кайрылышат. Эки жылдан кийини ар бири жети сотыхтын тегерегинде болгон 16 тилкенин максаттуу багытын өзгөртүү боюнча токтом чыгат. Ал документ ошол кездеги вице-мэр Жасур Азимовдун колу менен тастыкталган. Бул тушта шаарды Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаты Таалайбек Сарыбашов жетектеп турган.
Жердин багыттын өзгөртүүгө ыйгарым укук Министрлер кабинетинин төрагасына гана берилген. Башка эч кимде жок, жергиликтүү бийликте, район админстрациясыларында, айыл өкмөттөрдө да.

Төлөгөн Келдибеков
юрист
Кыргызстандын жер кодексинин 16-беренесинде Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары айыл чарба жерлерин, токой, суу фонддорунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлерди чечим түрүндө жерлердин башка категорияларына которууга макулдук берет. Ал эми жердин багытын өзгөртүүдө жергиликтүү бийлик демилгечи гана боло алат. Бирок Ош шаарынын мэриясы жердин максаттуу багытын өзгөртүүгө укугубуз бар деп жатат.

Таймурас Исакжанов
Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчисинин орун басары
Башкы план бекитилеген. Анда өндүрүштүк жана айыл чарба багытындагы жерлердин категориясын өзгөртүү биздин укуктарбызга кирбейт. Бирок башкы пландын негизинде максаттык багытын өзгөртүш Жер кодексинин 12-беренесине ылайык Ош шаарынын мэриясынын компетенциясына кирет. Бул жөнүндө Ош шаарынын "Ош шаарынын статусу" тууралуу мыйзамда да жазылган. Ошолорго таянып, Баку көчөсүнүн жерлеринин багыты өзгөртүлгөн.
Башкы планда бар эле дегени туура эмес. Башкы планды шаардын бийлиги түзөт да. Планды өздөрү түзгөндөн кийин, алар жердин багытын өзгөрткөн жок да. 2010-жылдары Ош шаарында системалык каттоо жүргөн. Ошондо жердин багытты турак жайга деп көрсөтүлгөн болсо, шаардын бийлиги турак жайга берүүсүнө жол берилет. Бирок системалык катоодо өндүрүштүк болсо, аны шаардын бийлиги бергенге укугу жок.

Төлөгөн Келдибеков
юрист
Ош аймактык жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Бексултан Мурзали уулу 2007-жылкы жер каттоодо аталган аймакта сегиз ишкана бар экенин, алардын баары менчикте турганын билдирди. Андан бери жердин багытын өзгөртүү сунушу менен эч кандай кат же суроо талап келген эмес.
2007-жылкы жер каттоодо сиздер сурап жаткан Баку көчөсүндө
6-7 ишкана бар экен, алардын бардыгы өндүрүштүк зонада турат.
6-7 ишкана бар экен, алардын бардыгы өндүрүштүк зонада турат.

Бексултан Мурзали уулу
Ош аймактык жер долборлоо ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу
Башкы планга таянып чыгарылганган чечимге келсек, Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө мыйзамына ылайык, үй курууга уруксат берүү шаардын башкы планына, тагыраагы деталдуу планына жараша жүргүзүлүшү керек. Ушул эле мыйзамда "Магистралдык-инженердик тармактарды жайгаштыруу боюнча иштер аяктаганга чейин бөлүнгөн участокто шаар комплексин курууну баштоого жол берилбейт" деп так жазылып турат. Демек, деталдуу пландаштыруу болбой туруп эч кандай курулуш курууга уруксат жок. Ошто болсо бул процесс бүтө элек.
Деталдык планда шаардын борбордук бөлүгүн камтыган 3,5 миң гектарды камтыган бөлүгү иштелип чыкты. Коомдук угууда эки ай турду. Эми жарандардан келген сунуштардын үстүндө тиешелүү адистер иштеп жатышат. Азыркы сөз болуп жаткан аймак шаардын борбордук бөлүгүнө кирбейт.

Мирлан Өмүралиев
Ош шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетектөөчү адиси
Жоопкерчиликтен качуунун жолун издешкенби?
Эми мыйзам бузуу менен кабыл алынган токтомдун өзүнө келели. Башкы мыйзамда шаардын аймагындагы ченемдик укуктук актыларды, тактап айтканда кайсы бир токтом же буйрукту мэр гана кабыл ала алат деп жазылган. Бирок "Ош шаарынын статусу тууралуу" мыйзамдын 21-беренесинде мэр зарыл учурда ыйгарым укуктарын вице-мэрлерге бөлүштүрүп бере алат. Бирок токтомго кол коюу укугу берилет деп жазылган эмес. Бул жерде "Шаар мэринин бул беренеге таянганы жоопкерчиликтен качуунун ыңгайлуу жолу эмеспи?" деген суроо жаралат.
Мырзакматовдон баштап мэрлер кол койбой, вице-мэрлер кол коюп жатышат. Буларга иш козгош керек, бул коррупция. Шаар куруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамдарына каршы келген токтомдорго, буйруктарга кол коюп жатышат.

Төлөгөн Келдибеков
юрист
Көңүл буруучу маанилүү дагы бир жагдай. Жердин багытын өзгөртүү боюнча токтомдун кабыл алынышына беш ишкана - Ош шаардык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы, Кадастр, Архитектура, Экология, Санэпид көзөмөл кызматынын "каршы эмеспиз" деген корутундусу негиз болгон. Мында чечүүчү ролду архитектура менен санэпид көзөмөл кызаматы ойногон. Өндүрүш багытындагы жерди башка багытка өзгөртүүдө санитардык талаптар маанилүү. Анткени мындай жайлардан жугуштуу оорулар күчөп, ар кандай зыяндуу калдыктар сакталып калышы ыктымал.
2019-жылы аталган кызматтын жетекчисинин орун басары Сейит Курбаназаров 16 тилкени өндүрүштүк багыттан турак жай багытына өзгөртсө эч кандай санитардык коргонуу зоналары бузулбайт деп билдирген. Анда таш кесүүчү заводдун коргонуу зонасы 50 метр деп айтылган. Арадан эки жыл өткөн соң аталган кызмат Ош шаарынын азыркы мэри Бакытбек Жетигеновго маалымдама берип жатып, таш заводдун коргонуу зоонасы 300 метр деп белгиленген.
2019-жылы аталган кызматтын жетекчисинин орун басары Сейит Курбаназаров 16 тилкени өндүрүштүк багыттан турак жай багытына өзгөртсө эч кандай санитардык коргонуу зоналары бузулбайт деп билдирген. Анда таш кесүүчү заводдун коргонуу зонасы 50 метр деп айтылган. Арадан эки жыл өткөн соң аталган кызмат Ош шаарынын азыркы мэри Бакытбек Жетигеновго маалымдама берип жатып, таш заводдун коргонуу зоонасы 300 метр деп белгиленген.
Ал жерде "Травертин Строй" ЖЧКнын жайгашпагандыктан, ал жер өнөр жай түйүнү болуп эсептелет. Андай болгондон кийин бир эле аталган компаниянын коркунучу каралбай, ошол жерде жайгашкан бардык өнөр жай объектилеринин санитардык нормалары каралышы керек. Ошонун негизинде бардыгы каралып, "Ушул өнөр жай түйүнүнун санитардык коргонуу зонасы" деп картада чийилип берилет. Санитардык жактан алганда вибрация болот, ишканада 15-20 тонна таштарды ташышат. Андан тышкары жанында "Ош-пирим транс" жүк ташуучу унаалардын ишканасы бар. Биринчиден, көчөдө бала-чака ойногондо көрбөй калышы мүмкүн. Экинчиден, ал жерде жайгашкан ишканалардын бардыгы чоң коркунучтарга кирет. Үйлөрдүн туруктуулугуна вибрация терс таасир берет. Дайыма кыймылдан үйлөр кулап түшушү мүмкүн. Жашоо шартарын караганда мектеп, бала-бакча, ФАП каралган эмес. Санитардык коргонуу зонага турак объектилерин курууга болбойт бул мыйзамда так жазылган.

Бекмырза Каныбеков
Ош шаардык санэпид көзөмөл кызматынын башкы дарыгеринин орун басары
Убагында корутунду берип жатып, дал ушул Санэпиддин нормаларына таянган Ош аймактык жаратылыш ресурстары жана экология башкаралыгы, эми сот тарабынан алардын эки жыл мурдагы корутундусу мыйзамсыз деп табылса, биздин корутунду күчүн жоготот деп олтурат.
Архитектуранын "апендичилиги"
2020-жылы "Биз шаардын келечегин ойлошубуз керек, эл көбөйдү, аларга үй керек" деп аталган өндүрүш багытындагы аймакты турак жай багытына өзгөртүүгө макул болгон Ош шаардык архитектура кызматы 2022-жылдын декабрь айында, мурда тоок ферма болуп иштеген "Травертин Строй" ишканасынын таш кесип иштөөсүнө техникалык корутунду берген. Санитардык нормалар такыр жол бербей жатканда архитектура кайсы мыйзамга таянган?
Башкы планда турак жерлерге цехтерди курууга мыйзам жол берет. Жеке менчик жер тилкесинин аянты 7886 чарчы метр, анын ичинде 950 чарчы метр имараттын өзүнө иштөө багытын өзгөрүүсүз деп берип жатабыз. Таш кесүүчү цехтин ээси сыртка чыкпаш керек эле.

Мирлан Өмүралиев
Ош шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетектөөчү адиси
Кош стандарт
Он алты тилкеге токтом чыккан жерде учурда 32 үй бар. Демек, жергиликтүүлөрдүн тең жарымы дагы деле өндүрүш багытындагы тилкелерде жашап жатышат. Токтом чыккандан кийин төрт участокко үй курууга архитектура тарабынан уруксат берилген. Калган 28нин уруксат кагаздары да жок. Тартип боюнча архитектуралык жактан уруксат кагаз берилгенден кийин гана үйлөргө суу, электр энергия, газ сыяктуу коммуналдык кызматтар тартылышы керек. Бирок элдин бул кызматтарды колдонуп келе жатканына көп жыл болду. Завод болсо таш кесүүгө алгачкы корутунду алган менен жумушчу долбоор жазып, экспулатациядан, экологиялык экспертизадан өтпөй, анын айынан экопаспорт алган эмес.
Сактыкка кордук жок
Санитардык нормаларга ылайык, Баку көчөсүндө калк жашаса, анын айланасындагы бардык ишканалардын ишмердүүлүгү токтош керек. Анткени башкасын коюп, "ОшГаздын" аймакта жайгашкан газга жыт кошуучу базасын эле айтсак. Анын коргонуу зоонасы бир чакырымга чейин болуш керек. Бирок адистер кырсык болуп кетсе аймакта эч нерсе калбай турганын эскертип жатышат.
Чечим кабыл алынган убакта шаарды башкарып турган Сарыбашов азыр Жогорку Кеңеште. Кол койгон Жасур Азимов жумуштан бошогон. Бул процесске катышкан башка кызматкерлер өз ордуларында иштеп жатат. Бир гана аймактагы эл менен ишкер эки жылдан бери өз чындыгынын түбүнө жетпей соттон сотко каттап жүрүшөт. Бул жергиликтүү бийликтин шалаакылык менен кабыл алынган бир токтомунун гана жыйынтыгы. Мындай токтомдор шаар аймагында балким ондоп, балким жүздөп кабыл алынып жатат.
Чечим кабыл алынган убакта шаарды башкарып турган Сарыбашов азыр Жогорку Кеңеште. Кол койгон Жасур Азимов жумуштан бошогон. Бул процесске катышкан башка кызматкерлер өз ордуларында иштеп жатат. Бир гана аймактагы эл менен ишкер эки жылдан бери өз чындыгынын түбүнө жетпей соттон сотко каттап жүрүшөт. Бул жергиликтүү бийликтин шалаакылык менен кабыл алынган бир токтомунун гана жыйынтыгы. Мындай токтомдор шаар аймагында балким ондоп, балким жүздөп кабыл алынып жатат.