Коомдук ишмерлер Олжобай Шакирдин камалышы боюнча бийликке кайрылуу жасады

Сүрөт: "Клооп"

Жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин камалышына байланыштуу 100дөн ашык коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар менен журналисттер бийликке кайрылды.

Ал кайрылууда «РухЭш» сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакирдин камалышы чоң катачылык болгону жана аны эркиндикке чыгаруу талабы жазылган.

“Олжобай Шакирдин камалышы чоӊ катачылык болду. “Бийликти басып алууга чакырган” деген айып чындыкка такыр коошпойт. Тескерисинче, ал улам бир төӊкөрүштү кайталай бергенден оӊолуп кетпейбиз, бүлгүнчүл күчтөрдүн бийликти басып алышына жол койбойлу деп эскертип келген”-деп жазылган кайрылууда. 

УКМК Олжобай Шакирди 23-августта кармаган. Анын бөгөт чарасы 24-августта каралып,  2 айга камакта калтырган. 

Шакирге Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кылмыш-жаза кодексинин «Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакыруу» беренеси боюнча айып коюлганын билдирген. 

Олжобай Шакир бийликтин дарегине ачуу сын-пикир айтып келет. Соңку күндөрү Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берилишин сындап, ага каршы чыккан. Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди маекке чакырган. 31-августта нааразылык акциясын өткөрүү демилгесин көтөрүп жаткан.

Ал соңку кездерде журналисттик иликтөөлөрдү жасаган Temirov Live командасы менен да кызматташып жүргөн.

Олжобай Шакир 2017-жылдары «РухЭш» коомдук агартуу багытындагы сайтты негиздеген.

Автор Айдана Осмонова 375 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*