
Түркияда өрт өчүрүү иштерине катышып жатып, үч кыргызстандык тик учак менен кулады. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып жатышат.
Маалыматта айтылгандай, Түркиянын Измир провинциясындагы токойдо өрт чыгып, аны тик учактын жардамы менен өчүрүп жатышкан. Экипажда жалпы төрт адам болсо, анын үчөө кыргызстандык болгон.
Түркиянын айыл чарба жана токой чарба министри Ибрагим Юмаклы билдиргендей, учак «Тахталы» суу сактагычынан суу алып жатканда кулаган.
Бортто учкуч катары иштеп жаткан бир кыргызстандык жаранды куткарып калышкан. Ал оор абалда ооруканага жеткирилген. Учурда кулаган тик учактагы дагы үч адамды издөө иштери уланып жатат.
Өрт Измирдин Мендерес районундагы токойдон чыгып, тез арада чоң аймакка жайылган. Аны өчүрүүгө тогуз учак, 20 тик учак, суу ташыган 54 унаа, жумушчу 10 унаа жана 500гө жакын өрт өчүрүүчү тартылган.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуя тууралуу маалымат бере элек.
Оставьте первый комментарий