
Бүгүн, 18-августа Бишкек шаардык сотунда жазуучу, публицист, активист Олжобай Шакирдин баш коргоо чарасы каралды. Мекеменин басма сөз кызматы буга чейинки Биринчи май райондук сотунун эки айга камакка алуу чечими өзгөртүүсүз калтырылганын «Т-Медиага» билдирди.
Бишкек шаардык соту 13-сентябрда Олжобай Шакирдин кармалышын мыйзамдуу деп тапкан. Бирок анын адвокаты бул чечимге макул болбой, апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрыларын билдирген.
Эске салсак: Олжобай Шакир 23-августта УКМКга суракка чакырылып, дээрлик сегиз саатка созулган сурактан кийин 48 саатка камалган. Атайын кызматтын расмий билдирүүсүндө ал «социалдык баракчалар аркылуу чагымчыл маанидеги маалыматтарды таратып, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө, массалык башаламандыкка чакырган» деп жазылган.
Жазуучунун камалышына байланыштуу жүздөн ашык коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар менен журналисттер бийликке кайрылуу жасаган. Анда «РухЭш» сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакирдин камалышы чоң катачылык болгону жана аны эркиндикке чыгаруу талабы жазылган.
Олжобай Шакир буга чейин бийликтин дарегине ачуу сын-пикирлерди айтып келген. Негизинен Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берүүгө каршы чыккан. Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди маекке да чакырып жүргөн. Ал эми 31-августта нааразылык акциясын өткөрүү демилгесин көтөрүп жаткан.
Оставьте первый комментарий