Жол коопсуздугу башкармалыгы айып пулдун 33 млн. сомдук туумун чогултуу үчүн 122 млн. сом короткон

"Т-Медианын" архив сүрөтү

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 18-сентябрдагы жыйынында жол эрежесин бузгандарга айып пулдун туумун (пения) алып салуу боюнча мыйзам долбоору каралды. Анда өлкөдө айдоочуларга салынган айып пулдун 33 миллион сомдук туумун өндүрүш үчүн 122 миллион сом чыгым болгону айтылды.

Депутат Элвира Сурабалдиева бул мыйзамды колдой турганын айтып, буга чейин туумду чогултууга анын суммасынан дээрлик төрт эсе көп акча коротулганы туура эмес болуп келгенин билдирди.

«Сиздер анализде «2022-жылы 33 млн сом туумду өндүрүш үчүн 122 млн сом жумшалыптыр. Мыйзам долбоорун ошол үчүн киргизип жатасыздарбы?»

Сурабалдиеванын суроосуна Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов мынтип жооп берди:

«Негизи эле туумдарды өндүрүш өтө кыйын, мыйзам, процессуалдык жагы татаал да. Муну алып салсак бюджет дагы үнөмдөлөт, элге да жеңилдик болот», — деди Исраилов.

ЖКККБнын маалыматына ылайык, «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 2019-жылдын 4-мартынан 2023-жылдын 1-мартына чейин жол эрежесин бузган айдоочуларга дээрлик төрт миллионго жакын токтом чыгарылган.

Ички иштер министрлиги айып пулга жыгылган айдоочулардын 7,1%ы айыпты туум менен төлөгөнүн кабарлады. Министрлик айып пулдун туум каражатын өндүрүүгө бюджеттен бир жылда 118,4 миллион сомдой акча жумшаларын билдирди. Бул каражат почта кызматына, кагазга жана аны басып чыгаруу үчүн боектордун чыгымдарына кетет.

Автор Т-медиа 12153 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*