
Кыргызстанда орточо айлык 32 миң 146 сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, номиналдуу орточо айлык бир жылда 27,2 пайызга өскөн. Анын керектөө баасынын индексин эске алганда реалдуу көлөм 13,2 пайызга жогорулаган.
- Айлык акы мамлекеттик башкаруу жана коргоо, милдеттүү социалдык камсыздандыруу 72,8 пайызга;
- Административдик ишмердүүлүк 43,9%;
- Искусство, көңүл ачуу жана эс алуу (35,9%) тармактарында кыйла жогорулаган.
Кыргызстанда жашоо минимуму 6813 сомду түзөрүн Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев 15-сентябрдагы маалымат жыйында айткан.
Оставьте первый комментарий