
Ош шаарында бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө карата «Түштүк ЭКСПО-2023» деген аталышта көргөзмө-жарманке өтүүдө. 18-сентябрда башталган иш-чара 20-сентябрга чейин уланат.
Эл аралык көргөзмө-жарманкеде атамекендик кол өнөрчүлөрдүн өндүрүштөрү сатылууда. Мындан тышкары айыл чарба, техника, курулуш, үй-тиричилик, кеңсе буюмдары жана тамак-аш азыктары да коюлган.
Жарманкенин ачылышына Өзбекстандын, Беларусь, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Орусия, Кытай, Иран, Оман, Германия мамлекеттеринин бизнес жана дипломатиялык өкүлдөрү катышып жатат. Уюштуруучулар бул иш-чара келечекте Ош шаарына жана Ош облусуна туристтерди тартууга түрткү болот деп ынандырышууда.
Оставьте первый комментарий