
Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо институтунун директору Самидин Шабыралиев президентке саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин үстүнөн даттанды. Анын видеокайрылуусу 17-сентябрда «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланды.
Шабыралиевдин айтымында, министр аны арызды күчтөп жаздырып, жөндөн-жөн жумуштан алган. Ал Садыр Жапаровго кайрылып, иштеп турууга уруксат сураган.
«Мага атам берген жумуш эмес, дайындалып келгенмин. Төрт айда бир топ жумуш кылдым. Кырк жыл оңдоодон өтпөгөн операция, реанимация бөлмөлөрдү оңдоттум. Эң оор нерсеси азыр бир жашка чейинки 200гө чукул балдар операциядан өтүп атат. Эгер, мен кетсем алардын баары калып кетет. Ошого сизден (ред-Садыр Жапаровго кайрылып жатат) суранам, мага дагы уруксат бериңиз. Ошол иштерди бүтүрөйүн, андан кийин кетирсеңиз кетире бериңиз»,-деген ал.
Ал эми иституттун жамааты Самидин Шабыралиевдин иштен кетишине каршы экенин жетекчинин дарылоо иштери боюнча орун басары Нурболот Бекболот уулу билдирди.
«Бешеналиевди Жогорку Кеңеш дайындады. Ал эрте менен келип эле «кетесиң» деп буйрукту чыгарып жатат. Анын бул кызматка алып келе турган адамын деле билебиз. Ал адамга биздин жамаат карамандай каршы. Биз буга чейин Министрлер кабинетинин орун басары Эдил Байсаловго кат жолдодук. Эч кандай реакция болгон жок. Биздин креслого деле жабышкан жерибиз жок. Себеби өзүбүздүн программабыз бар. Имаратты оңдоо менен эле чектелбестен, дагы алдыда жасай турган чоң пландарыбыз бар болчу. Өнүгүү жолуна түшүү үчүн туруктуу бир жетекчи отурушу керек деп эсептейм»,- деди ал.
Министрлик эмне дейт?
Саламаттык сактоо министрлиги Самидин Шабыралиевдин иштен кеткени боюнча азырынча комментарий бере элек.
Эске салсак: Алымкадыр Бейшеналиев министрлик кызматка үстүбүздөгү жылдын 13-сентябрында кайра дайындалган. Ал 11-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында прокуратура кызматы тарабынан козголгон жети иш боюнча тең акталганын билдирген.
Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылдан 2022-жылга чейин Саламаттыкты сактоо министри болуп турган. Былтыр июнь айында «коррупцияга» айыпталып камакка алынып, 16-июнда кайра үй камагына чыккан. Башкы прокуратура ага чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд. 581 млн. 474 миң сомго вакцина сатылып алынышынан улам айып койгон жана Бейшеналиевге жалпысынан жети кылмыш ишин козголгонун билдирген.
Бейшеналиевге козголгон кылмыш ишине байланыштуу кызматынан четтетилген. Августта ага карата кылмыш иши кыскаргандан кийин, министрлик кызматтан кеткен.
Оставьте первый комментарий