Кворум жоктугунан «Чет өлкөлүк өкүл» мыйзамы каралбай калды

Сүрөт: Economist.kg

Бүгүн, 19-сентябрда «Чет өлкөлүк өкүл» мыйзамы Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде каралган жок. Аталган мыйзам долбоору күн тартибине биринчи окууда каралат деп киргизилген, бирок кворум болбой калды.

Комитеттин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков жана комитеттин мүчөсү Динара Ашимова Кореяга иш сапар менен кеткен. Жыйынга долбоордун авторлошу болгон Алишер Эрбаев гана келген. 

Долбоор аталган комитетке келип, жайкы каникул алдында каралат деп жатып, ошо бойдон каралбай калган.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып, анда ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы жоболор бар экенин айтып чыгышкан.

«Адилет» укуктук клиникасы мыйзамды талдап чыгып, анын 98% Орусиянын «Чет элдик агенттер» мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Аталган комитеттин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаковго 120 уюм кайрылуу жолдоп, бул мыйзам «чет элдик агенттер» мыйзамынан айырмасы жоктугун, «агент» деген сөздү «өкүл» деп гана алмаштырып коюшканын, эгер, ал кабыл алынса эркиндик укуктарына гана эмес, социалдык тармакка жана экономикага залакасы тиерин белгилешкен.

Ал эми депутат Надира Нарматова мыйзам долбоору сөз эркиндигин, бейөкмөт же эл аралык уюмдардын ишин чектебей турганын айтып келет.

Автор Айдана Осмонова 375 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*