«Манас» аэропорту: учактардын ар бирин 6 млн доллардан сатып алдык

Сүрөт: Govori.Tv

«Манас» эл аралык аэропорту учактардын ар бирин 6 миллион доллардан сатып алганын мекеменин директору Манасбек Самидинов 19-сентябрда «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында сатылып алынган учактар 2013-жылы чыгарылган. 

«Бир учактын баасы 6 миллион доллардын тегергинде турат. Булар авацияда жакшы делген самолет. Биз колдонуп жүргөн учактардын көпчүлүгү 80-90 жылдагылар»,-деди ал. 

Эске салсак: өткөн аптада «Манас» эл аралык аэропорту алгачкы ирет Канададан  өз каражатына эки учак сатып алганын маалымдаган. Алар 2024-жылдын май айында Кыргызстанга жеткирилет. Ага чейин аларды Кыргызстандын мыйзамдарына жана жарандык авиация талаптарына ылайык модификациялоо иштери жүргүзүлөт.

Сатылып алынган учактар Dash-8-400 үлгүсүндө, 80 адамга ылайыкташкан. 

«Манас» эл аралык аэропортуна Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө эл аралык, калган алтоо аймактык макамга ээ.

Автор Айдана Осмонова 375 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*