
Ош шаарынын борбордук аянтындагы Ленин эстелигинин эки тарабына жөө адамдар үчүн оргума курулууда. Ага Бүткүл дүйнөлүк банктан 8,5 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу «Т-Медиага» мэриянын ички аудитору Мирланбек Казыбай уулу билдирди.
«Аталган курулуш Ош шаарынын мэриясы жана АРИС уюму менен биргеликте шаар аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында макулдашылган «Аймактарды экономикалык өнүктүрүү» беш долбоордун алкагында ишке ашууда. Бул ошол беш долбоордун үчүнчүсү. Анда жөө жүрүүчү түстүү оргума жана эс алуу комплекси деп аталат. Отургучтар орнотулуп, айланасы жарыктандырылат», -деди ал.
Курулуш үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында башталган. Аны кийинки жылдын март айларына бүткөрүү пландалууда. Жумушту «Алихан Строй» жана «Ригель» жоопкерчилиги чектелген коомдору жүргүзүүдө.
Юстиция министрлигинде «Ригелдин» жетекчиси катары Максим Семенов көрсөтүлгөн. Компания компьютерлерди жана программалык товарларды чекене сатуу менен алектенет. Семенов тууралуу ачык булактардан маалымат табылган жок. Ал эми «Алихан Строй» ЖЧКсы «турак жана турак эмес имараттарды куруу» менен алектенгени көрсөтүлгөн. Анын ээси — Сүйүнбек Нурматов.
Буга чейин Бүткүл дүйнөлүк банк Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртууга 6 миллион доллар гранттык негизде долбоорду ишке ашырууга бөлүп берген.
Оставьте первый комментарий