Шашылыш билдирүү: жаан, кар жаайт

Кыргызгидромет 20-22-сентябрь күндөрү өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, нөшөрлүү жаан, кар жаашы күтүлөрүн эскертти. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16 градуска жетет. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 15…20 градус болот. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6, айрым жерлеринде -1…-3 градуска түшүп үшүк жүрүшү күтүлөт, күндүз 9…14 градуска жетет;

Мекеме мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону, айыл чарба жумуштарын кыйындатарын белгиледи.

Автор Т-медиа 12153 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*