2023: сөз эркиндигин торуган соттук иштер
Узап бара жаткан коён жылы Кыргызстанда бир топ эсте калаарлык окуялар менен коштолду. Анын ичинде олуттууларынын бири сөз эркиндигине жана журналисттерге болгон мамиле, кысымдар.

T-Media бир жыл ичинде оюн ачык айткандар, бийликтин саясатын сындагандарга байланыштуу окуяларды топтоштурду.
2023-жыл Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы болгондордун жакындарынын нааразычылыктары менен башталды. 2022-жылдын октябрь айында суу сактагычтын берилишине наараазы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер кармалган эле. Азыр алардын 11и абакта олтурат.
Андан көп узабай эле борбор калаанын бир катар жайларында тынч акция, митинг, чогулуштарды өткөрүүгө тыюу салган чечимдер чыкты. Мындай чектөөлөр кийин өлкөнүн башка да аймактарына да киргизилди. Бул жагдайларды укук коргоочу, активисттер сөз эркиндигине гана эмес, адам укуктарына каршы жасалган басым катары баалап келет. Алардын бири Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын дээрлик баардыгынын ишин көзөмөл кылып, жактоочулар менен азыр да тыгыз иштешип келе жаткан Азиза Абдирасулова.
  • Азиза Абдирасулова
    укук коргоочу
    Адамдын укугу да, эркиндиги дагы бар. Сөз эркиндиги, диний, кыйноолорго кабылбай турган эркиндиги, өз оюн эркин билдирүү эркиндиги - булар эркиндик. Муну мамлекет камсыздайбы, камсыздабайбы, каалайбы, каалабайбы ал эркиндик. Аткарылышы керек. Аны бир дагы бийлик чектей албайт
Сөз эркиндигинин айланасындагы иштер бир гана саясий аренада калып калган жок. Анын таасири ЖМКларга жана андагы айрым журналисттерге да тийди. 2022-жылы Маданият министрлиги "Азаттык" радиосунун кыргыз-тажик чек арасындагы видеоматериалын негиз кылып, "согушту, зомбулукту, кастыкты үгүттөйт" деп алгач медианын сайтын бөгөттөгөн. 2023-жыл жаңырары менен "Азаттыктын" ЖМК катары ишмердигин токтотуу үчүн министрлик сотко кайрылган. Жыл ортологондо гана басылма видеону өчүрүп, сот кайра басылманы актап берген.
Ошентип, эркин медиага карата жасалган мамиле соттошуу жараянына жеткирди. Муну бир катар медиа эсперттер жана журналисттер да сындап, медиага жана сөз эркиндигине болгон кысым деп баалап келишет. Буга улай эле "Клооп" басылмасы бийликтен сайтынын бөгөтөлүшү тууралуу эскертүү алса, "ЭлТР" телеканалы көз карандысыз "Политклиника" медиасынын үстүнөн сотко кайрылган. Анын алдында коррупцияны ашкерелеген иликтөөчү журналист Болот Темиров былтыр ноябрь айында өлкөдөн күч менен чыгарылган.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын айланасындагы иштер муну менен эле токтоп калган жок. Маселен, 10-ноябрда Жогорку Сот "Вечерний Бишкек" гезитинин арызынын негизинде көз карандысыз Kaktus.media басылмасына 500 миң сом, сайттын журналисти Диля Юсуповага 100 миң сом айып пул салган. Ал эми Бишкек шаардык прокуратурасы "Клооп" сайтын жабуу боюнча сотко кайрылган. Учурда териштирүү уланууда.
  • Семетей Аманбеков
    журналист
    Мен ойлойм, бул туура эмес кадам. Абдан терс негиздерди биздин өлкөгө берген кадам. Анткени алардын артынан башка эркин, көз карандысыз медиалар эми өзүнүн эркиндигин чектей баштайт. Кадимкидей карай баштайт "ушул жакты туура жазып жатамбы же туура эмес жазып жатамбы" деп. Бир жактан критиканы, бийликтерге туура эмес сөздөрдү айтпоо үчүн ушундай аракетти кылабы деген ойдо болуп турам.
  • Асел Сооронбаева
    медиа эксперт
    Негизи бийлик дүйнөлүк рейтингдерди, фактыларды, далилдерди келтирип атсаң деле сөз эркиндиги бар деп келет. Сөз эркиндиги дегенди негедир алар "Фейсбуктагы" комментарий деп түшүнүшү мүмкүн. Азыр журналисттер соцтармактагы пикиринен улам 30дай адам абакка түшүп калганын аныктап чыккан. Ошолордун баарын көрүп туруп, сөз эркиндиги бар дегенин суу кечпеген, акылга сыйбаган аргумент деп баалайбыз.
  • Дилбар Алимова
    Политлиниканын директору
    Кичинекей медиада андай 10 миллион сом төлөй турган мүмкүнчүлүгү деле жок. Эгер, ЭЛТР аягына чейин 10 миллион деген доону карманса демек, көз карандысыз медианын ишин токтотууга аракет катары баалайбыз.
Былтыр ноябрда президенттин администрациясы "ЖМК жөнүндө" мыйзамды сунуштап, коомдук талкууга чыгарган. Анын негиздемесинде 1992-жылы кабыл алынган мыйзам заман талабына жооп бербей калганы жазылган. Ал эми өлкөдөгү медиа уюмдар, журналисттер жана бир катар юристтер буга карата бир катар сын пикирлерди айтып келишет. Бийликтин мындай аракеттерин сөз эркиндигине басым деп бир катар сөз эркиндиги, адам укугу жаатындагы жергиликтүү жана эл аралык уюмдар тынчсыздануусун билдирген. Ал эми кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин, аны менен кошо жоопкерчилик болушу керектигин кайталап келет.
  • Семетей Аманбеков
    журналист
    Жакшы, прогрессивдүү мыйзамды кабыл алалы деген ой менен бардык. Бирок ал жумушчу топтон биздин бир дагы сунушубуз өткөн жок. Президенттик администрация өздөрү вариантын чыгарып коюшту. Анда жалаң эле эркин ЖМКларды бөгөттөп, басмырлап, каттоодон өткөрбөгөн, авторитардык Орусиядан 96 пайыз көчүрүлгөн мыйзамды азыр парламенттке киргизип коюшту.
Чек арасыз кабарчылар уюмунун индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка түшкөн. Ал эми эл аралык Freedom House уюму Кыргызстанды 3 жыл катары менен эркин эмес өлкөлөрдүн катарына кошту. Бул уюм өз баяндамасында өлкөдө саясий укуктар чектелип маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.