Азия чемпионаты бул жылы кандай өтүүдө?
Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында Айсулуу Тыныбекова кайрадан алтын утуп, күрөш дүйнөсүндө өзүнүн үстөмдүгүн дагы бир жолу далилдеди. Балбан кыз алтынчы жолу Азиянын чемпиону болду. Ал эми Айпери Медет Кызы да атаандашын ири эсепте жеңип, Азиянын эки жолку чемпиону аталды.
Алты жолу чемпион болгон Айсулуу
Бул жолку беттеште Айсулуу Тыныбекова килемдеги чеберчилигин гана эмес, тажрыйбалуу атаандаштарын жеңип, өжөрлүгүн да көрсөттү. 1/4 финалдан баштап ал Кореядан келген спортчуну ишенимдүү жеңип, андан соң жарым финалда моңгол сопртчусу менен беттешти. Аны ири эсепте, 13:3 эсебинде утуп алды.
Финалда Тыныбекованы өткөн жылы дүйнөлүк чемпионатта жолуккан жапониялык атаандашы күтүп жаткан. Кыргыз балбаны өзүнүн күчүн, техникасын көрсөтүп, Сакура Мотокини 9:6 эсебинде жеңип алды. Бул жеңиш аны күрөш боюнча Азия чемпиондугунда алты жолку чемпион кылып, өзүнүн салмак категориясындагы үстөмдүгүн көрсөтүп, кыргыз спортунун тарыхында жаркын из калтырды.
Тыныбекова Азия чемпионатындагы алгачкы алтын медалын 2016-жылы тагынган. Андан кийин 2017-жылы чемпиондук наамын коргосо, 2019-жылы Кытайда дагы алтын тагынган. 2021 жана 2023-жылдары Астанадагы мелдеште жеңишти багындырып, бешинчи ирет Азия чемпиону аталган.
"Бул жолку чемпионат өзүмдүн өлкөмдө болгону мени абдан кубандырды. Анкени спорттук карьерамда бир да жолу Кыргызстанда күрөшкөн эмес элем. Өткөн айда ден соолугум начарлап, жакында эле ооруканадан чыкканыма карабай бул беттешке машыктыруучум (ред-Нурбек Изабеков) менен эки жума даярданып катыштым. Өз мекениңде күрөшкөн өтө өзгөчө экен", - деди ал мелдештен кийинки маегинде.
Айперинин жеңиши
13-апрелдин кечинде балбан кыз Айпери Медет кызы да Азия чемпионатынын алтын медалын тагынды. Финалдык беттешке чейин 76 килограммга чейинки салмак ченинде Индия менен казакстандык атаандаштарын жеңген.
Ал эми финалда кытайлык Юань Хуанг менен кез келди. Медет кызы 0:4 эсебинде жеңилип баратып, өжөрлүгүнүн жана чеберчилигинин аркасында күрөштүн нугун бурду. Жыйырнтыгында атаанадашын 10:7 эсебинде жеңди. Балбан кыз карьерасында экинчи жолу Азияны багындырып жатат.
Биринчи алтынын Азия чемпионатынын алкагында Монголияда өткөн күрөштө тагынган.
Азия чемпионатында Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы жалпы эсепте 3-орунду ээледи. Жалпысынан бир алтын, бир күмүш жана эки коло медалга ээ болгон. Алтынды 61 килограмм салмакта Тайырбек Жумашбек уулу алса, 125 килограмм салмакта Айаал Лазарев күмүш медаль уткан. Улукбек Жолдошбеков менен Алибек Осмонов коло медаль тагынышкан.
Жалпы эсепте 1-орунду Иран, 2-орунду Жапония алган.

15-апрелде күрөштүн грек-рим түрү боюнча беш медаль ойнотулду. 55 кг салмакка чейинкилер арасында Улан Муратбек уулу коло медаль тагынса, Азиянын буга чейинки үч жолку чемпиону жана дүйнөнүн учурдагы чемпиону Акжол Махмудов күмүшкө татыды. Ал финалда жапониялык Нао Кусакага 4:2 эсебинде жеңилди.
Азия чемпионатында Азиянын ар кайсы өлкөлөрүнөн жана аймактарынан, анын ичинде Кытай, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана башка көптөгөн өлкөлөрдөн балбандар күч сынашат. Турнир континентте күрөштүн өнүгүшүнө көмөктөшкөн Азия күрөш конфедерациясынын колдоосу астында өтүүдө.
Азия чемпионатында балбандар эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү сыяктуу күрөштүн түрлөрү боюнча ар кандай салмак категорияларында күч сынашат. Турнир спортчулар үчүн карьерасын өркүндөтүү, баалуу тажрыйба алуу жана дүйнөлүк күрөш коомчулугунда жаңы бийиктиктерге көтөрүлүү үчүн зор мүмкүнчүлүктү билдирет.
Бул жылы Кыргызстан Азиянын балбандарын үйүндө тосууда. Грек-рим, кыз-келиндер күрөшү жана эркин күрөш боюнча балбандар Бишкекте "Bishkek Arenada" күч сынашууда. Чемпионат 16-апрелде жыйынтыкталат.
Автор: Улукбек Сали уулу
Тел: 996 771 03 75 48
Email:salievichvlog@gmail.com
Ош шаары, Абдыразакова 54